* КИЙИНКИ ОКУЯГА ӨТҮШ ҮЧҮН ЭКРАНДЫН ОҢ ТАРАБЫН БАСЫҢЫЗ

ФЕЙКТЕР ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ АЙТЫШУУДА? ИНСТАГРАМДА ЖЭЭНБЕкОВДУ КАНТИП КОРГОШТУ?

4. БИЗ ОШОЛ АККАУНТТАРДЫ ТЕКШЕРДИК — АЛАР БАРДЫК БЕЛГИЛЕР БОЮНЧА ФЕЙК БОЛУП ЧЫКТЫ

3. ИНСТАГРАМДА ЖЭЭНБЕКОВДУ КОРГОЙ БАШТАШТЫ

Эмне болду?

2. CHANGE.ORG БӨГӨТТӨЛДҮ

1. CHANGE.ORG САЙТЫНДА ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛОО ҮЧҮН ПЕТИЦИЯ ПАЙДА БОЛДУ

ЭМНЕ БОЛГОН ФЕЙКТЕР ЖАНА БУЛ ЖЕРДЕ РАУШАН АЙТКУЛОВАНЫН КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР?

14-ИЮЛДА АЙТКУЛОВА CHANGE.ORG САЙТЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИН ОТСТАВКАСЫ ҮЧҮН КОЛ ТОПТОЙ БАШТАДЫ.

13-ИЮЛДА ЖУРНАЛИСТ РАУШАН АЙТКУЛОВА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА ЖЭЭНБЕКОВДУН ҮСТҮНӨН АРЫЗ БЕРДИ. АЛ АНЫ КОРОНАВИРУС МЕНЕН ЖЕТИШТҮҮ КҮРӨШПӨЙ ЖАТАТ ДЕП АЙЫПТАДЫ.

15-ИЮЛДА CHANGE.ORG САЙТЫ КЫРГЫЗСТАНДА АЧЫЛБАЙ КАЛДЫ.

ОШОЛ ЭЛЕ УЧУРДА ИНСТАГРАМДА ПРЕЗИДЕНТТИ МАКТАП, АЙТКУЛОВАНЫ КЕМСИНТЕ БАШТАШТЫ. 

АЛАР АЙТКУЛОВАГА ИШЕНБӨӨГӨ ЧАКЫРЫШКАН. 

УШУНДАЙ ПОСТТОР ЖМКнын МАКАЛАЛАРЫНЫН АЛДЫНДА, АНЫН ИЧИНДЕ «КЛООПТУН» ДА МАТЕРИАЛДАРЫНЫН АЛДЫНДА ПАЙДА БОЛУП ЖАТТЫ.

БИЗГЕ БУЛ ТАҢ КАЛЫЧТУУ КӨРҮНҮП, РАУШАН АЙТКУЛОВА ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИН ОТСТАВКАСЫ ТУУРАЛУУ КОММЕНТАРИЙЛЕРДИ ТЕКШЕРИП КӨРҮҮНҮ ЧЕЧТИК

АГА МИСАЛДАРДЫН БИРИ

МААЛЫМАТТЫ КАНТИП ЧОГУЛТУП, КАНТИП ТАЛДАДЫК:

- ЖМКЛАРДЫН ИНСТАГРАМДАГЫ БАРАКТАРЫН ТАНДАП АЛДЫК

 - ПРОГРАММИСТТЕРИБИЗ ПОСТТОРГО КАЛТЫРЫЛГАН ПИКИРЛЕРДИ КӨЧҮРҮП АЛЫШТЫ

 - АЛАРДЫ ЧЫПКАЛАП, ТАЛДАП ЧЫКТЫК 

- ПИКИР ЖАЗГАНДАРДЫН ИЧИНЕН ФЕЙКТЕРДИ ТАПТЫК

«Клооптун» инстаграмында таң калычтуу комментарийлерди байкап калып, башка басылмалардын жана пабликтердин аккаунттарын текшерип көрүүнү чечтик. Ал үчүн биз 1000ден ашык окурманы бар маалыматтык аккаунттардын тизмесин түздүк. 

Биздин программисттер код жазып, ЖМКлардын маалыматтарынын алдына акыркы үч аптада жазылган комментарийлерди көчүрүп алдык: президентке импичмент жарыяланганга чейинки бир аптанын жана андан кийинки эки жуманыкын.

Андан соң пикирлерди «импичмент», «президент», «Раушан» деген сөздөр боюнча чыпкалап, Жээнбековдун оставкасына каршы чыгып, Айткулованы жемелеген комментарийлерди таптык. Ошондой эле, биз базаны бардык фейктердин 2020-жылдын февралынан баштап жазган комментарийлери менен (бир гана импичмент тууралуу эмес) толуктадык.

Андан ары биз аккаунттардын бардыгын дагы бир жолу колго текшерип чыктык, жабыктарын жана ар кандай өңүттө (бийликти бирдей сындап жана урушкандарды) жазгандарды алып салдык.

1. АЛ ПРОФИЛДЕРГЕ ЖАЗЫЛГАНДАР ЖОК (ЖЕ АЛАРДЫН САНЫ АЗ)

ФЕЙКТЕРДИН БЕЛГИСИ

2. КӨБҮНЕСЕ АЛАРДЫН СҮРӨТТӨРҮ, КОММЕНТАРИЙЛЕРИ ЖАНА БЕЛГИЛЕГЕН АДАМДАРЫ ЖОК

КЭЭ БИР АККАУНТТАР КАНТСЕ ДА ТИРҮҮ БОЛУП КӨРҮНҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫШАТ: АВАТАР ОРНОТУП, ИНТЕРНЕТТЕН АЛЫНГАН СҮРӨТТӨРДҮ КОЮП ЖЕ БИР НЕЧЕ БЛОГЕРГЕ ЖАЗЫЛЫП КОЮШАТ.

3. АТАЛГАН АККАУНТТАР БИР ГАНА KLOOP, AZATTYK, 24.KG, KAKTUS MEDIA, NEWS.KG, SPUTNIK ЖАНА БАШКА УШУЛ СЫЯКТУУ ЖМКЛАРДЫН БАРАКТАРЫНА ЖАЗЫЛГАН.

*  Фейктердин комментарийлеринин түп нускасы орус тилинде болгондуктан биз алардын орфография жана пунктуацияларын сактоо үчүн кыргызчага которгон жокпуз.

ФЕЙКТЕР ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫШАТ?

МОЖЕТ СУДИТЬ НАДО РАУШАН ЮСУПОВНУ ЗА ПРЕДАТЕЛЬСТВО И СЖЕЧЬ 5 ПАСПОРТОВ ЕЕ

АЙТКУЛОВА ДАГЫ “КЕЛТЕК” ЖЕГЕН:

ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР — БУЛ @AZAT123661. 

АНЫН АВАТАРЫНДА — ПУТИНДИН КӨЗҮ ЧАПТАЛГАН ИТ

ТУРАТ КОММЕНТАРИЙЛЕРДЕ АЛ ЖЭЭНБЕКОВДУ КОРГОП, БАТЫШТЫ УРУШУП, БИРӨҢЧӨЙ ПИКИРЛЕРДИ ЖАЗАТя

АЛ «КЛООПТУН» УУРДАЛГАН МОТОЦИКЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ПОСТУНУН АЛДЫНА “ЖОК ДЕГЕНДЕ БИР ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК, ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ” ДЕП ЖАЗГАН

ОШЕНТСЕ ДА АЙТКУЛОВАНЫ ЭМНЕ ҮЧҮН АЙЫПТАШУУДА?

ФЕЙКТЕРДИН КОММЕНТАРИЙЛЕРИНИН КӨБҮ ОКШОШ ЖЕ СӨЗМӨ-СӨЗ КАЙТАЛАНАТ. 

ОШЕНТИП БИЗ АР БАШКА КОЛДОНУУЧУ ТАРАБЫНАН ЖАЗЫЛГАН 16 КОММЕНТАРИЙДИ ТАПТЫК — АЛАРДЫН БАРДЫГЫ ОКШОШ БАШТАЛЫП, БИРОК АР КАНДАЙ УЛАНГАН

«аыеристка»

*«КЛООПТУН» РЕДАКЦИЯСЫ ФЕЙКТЕРГЕ ФЕМИНИТИВДЕРДИ КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕТ

КЫЗЫКТУУ ФАКТ:

 ФЕЙКТЕР СЕГИЗ ЖОЛУ БИРДЕЙ ЖАҢЫЛЫШЫП, АФЕРИСТКА ДЕГЕН СӨЗДҮ МЫНДАЙЧА ЖАЗЫШКАН:

ahfjrb:

@tttijh999 да это та самая аыеристка у которой 5 поспортов

ahfjrb:

Раушан юсуповна аыеристка у неё 5 паспортов отсидела

ahfjrb:

#раушан юсуповна аыеристка работающая на запад

azat123661:

#Раушан юсуповна не верте ей аыеристка с 5 паспортами

azat123661:

#Раушан юсуповна аыеристка отсидевшая срок пишет заявление на президента К Р

ahfjrb:

Если вы не знаете кто такая #Раушан юсуповна это аыеристка посмотрите про неё в интернете

ahfjrb:

Зачем случать аыеристка по имени #Раушан юсуповну

andr.ew1243:

Аыеристка #Раушан юсуповна работает на Америку готова за деньги предать свою страну

ФЕЙКТЕР — ТАҢДА САЙРАГАН ЧЫМЧЫКТАР

ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ СААТ 6, 10 ЖАНА 11 — ФЕЙКТЕР ДАЛ УШУЛ МААЛДА КОММЕНТТЕРДИ АКТИВДҮҮ ЖАЗЫШАТ

АЛАР ЖАДА КАЛСА ТҮНКҮ СААТ ҮЧТӨ ДА ЖАЗЫШАТ

ФЕЙКТЕР ДАГЫ ЭМНЕЛЕР ТУУРАЛУУ ЖАЗЫШАТ?

Почему вы ругает нашего президента самый лучший из всех молодец

МЫНА ДАГЫ ФЕЙКТЕРДИН ЖАЗГАНДАРЫ (ОРФОГРАФИЯ МЕНЕн ПУНКТУАЦИЯЛАР САКТАЛДЫ):

Атамбаевы разбогатели на крови погибших 87 наших ребят.

Этот Маматалиев может без пиара и афиширования заниматься благотворительностью?

Причём тут призидент сами шастаете по городу как собаки нет бы дома сидеть или заниматься своими делами нет надо сувать свой нос везде и всех ругать с дивана всех кроме себя самого начинать надо с нас а не обсерать всех

Для чего нам запад сколько ещё они. Удут продвигать свои идеи нам этого не надо

Наш президент самый лучший

он лучший президент не устали обсирать президентов он работает он один из лучших

P.S. ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЭЭНБЕКОВДУ УШУНЧАЛЫК КАТУУ КОРГОШУУДА?

ФЕЙКТЕРГЕ КӨЗ САЛГАН ЖАКТЫБЫ?

ШАЙЛОО ЖАКЫНДАП КАЛДЫ, ДАГЫ КӨРӨ ЖАТАРБЫЗ

@alexnotacrane2

котормочу:

Иллюстрация:

программисттер:

дата-редактор:

@daria_ud312

@lion7414

@rinatius222 

@walker_idet_domoi

@anna666

@anastasiajourn0

@aziza700mln

ДОЛБООРДУН АВТОРЛОРУ:

Бул материал КРдеги USAIDдин колдоосу жана Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEM менен өнөктөштүктө ишке ашкан «Кыргызстандагы Интерньюстун» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика боюнча программанын стипендианттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Анастасия Валеева. Материалдагы пикирлер жана тыянактар «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Фейктер аккаунттары реалдуу көрүнүшү үчүн кандай амалкөйлүктөргө барышат?

БАШКЫ БЕТКЕ КАЙТУУ

Башка адамдардын сүрөттөрүн колдонгон фейк аккаунттар менен таанышып алыңыздар

МАТЕРИАЛДАРГА ШИЛТЕМЕ