Буга чейинки материалда биз боттор башка бирөөлөрдүн сүрөттөрүн уурдап, өздөрүн чыныгы адам катары көрсөтүп жатышкандагы мисалдарды келтиргенбиз. Эми бул материалда боттор соцтармактарда жазгандарын көрүнүктүүрөөк жана маанилүүрөөк кылуу үчүн бири-биринин комментарийлерине лайк басып, бири-бири менен кантип достошуп жүрүшкөнүн көрсөтөбүз.

Башкы каарман кылып биз көптөн бери байкап жүргөн Адилет Мырзабеков деген ысымга жашынган фейкти тандап алдык. Эгер аны башка боттор менен салыштырсак, анда анын фейсбуктагы досторунда фейк аккаунттар көп экени түшүнүктүү болот. Боттордун көпчүлүгү аккаунттары реалдуу көрүнүшү үчүн башка боттор менен дос болушат. Бирок Мырзабековдун досторунда фейктердин саны кыйла көп.

Мырзабеков өзүн чыныгы адам, бишкектик катары тааныштырат. Анын барагы 2018-жылы ачылган. Ал аватарына voxpopuli.kz сайтынын макаласындагы Жандос аттуу казакстандыктын сүрөтүн пайдаланат.

Бул боттун аккаунту орточо статистикалык фейктин барагынан бир топ айырмаланат. Көбүнчө фейктерде посттор жок болот, алар адатта жаңылыктарга, инфлюенсерлердин постторуна жана атактуу тайпалардагы постторго пикир калтырышат. Бирок бул боттун барагында посттор көп жана алардын көпчүлүгү Матраимовдорду коргоого жана «Клооп» менен «Азаттыктын» журналисттерине каршы багытталган. Ал мындан тышкары, саясий активист Ширин Айтматовага, антикоррупциялык «Реакция» митингдин катышуучуларына, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына каршы постторду жазып чыгарат.

Тек гана ушул боттун профилинде Ош шаарындагы «Клооптун» кызматкерлери тартылган видео жарыяланган. Анда журналисттер каралбай калган имаратты тартып жатканда Матраимовдордун кызматкери келип, тартылган видеону көрсөтүүнү талап кылган, бирок съемка жүргүзгөн команда видеону көрсөтүүгө милдеттүү эмес эле. Бул окуядан кийин бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимов журналисттердин үстүнөн милицияга арыз жазып кайрылган.

Журналисттерди Матраимовдордун кызматкери тарткан. Андан кийин ал видео боттун барагында жана фейк-ньюс «Правда kg» аккаунттун барагында жарык көргөн.

Бул бот «Клооптун» жаңылыктар барагында бөгөттөлгөндүктөн, ал биздин журналисттерге карата жазылган арызга байланыштуу жаңылыкка башка посттордун алдында комментарий жазган, мисалы «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин постуна пикир калтырган.

Скриншотто Мырзабековдон тышкары дагы эки фейк бар — Эрик Бейсекеев жана Тилек Тилеков.

Фейктердин достугу

Эми болсо Мырзабеков делген боттун башка дагы кем калышпаган фейк досторуна өтөлү. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн биз аларды топторго бөлдүк.

Алардын барактарынын көпчүлүгү жакында эле — 2019-жылдын май айынан ноябрь айына чейинки мезгилде ачылган. Демек бул фейк аккаунттар жогоруда аталган убак аралыгында ачылганын айгинелейт.

Чоочун адамдардын сүрөттөрүн уурдаган боттор

Бул Мырзабековдун жаңы посту. Ага дароо чоочун бирөөлөрдүн сүрөтүн колдонгон эки бот комментарий жазган. Бот Гүлзана Саликбаева — ал тууралуу буга чейинки макалада айтып бергенбиз. Индонезиялык актриса Наташа Вилонанын сүрөттөрүн колдонот.

Ал эми Калипа Сайталиева модель Юлия Сапарниязованын сүрөтүн колдонот.

Эми башкалардын сүрөттөрүн пайдаланган Мырзабековдун башка бот досторун да карап көрөлү.

Фейк Салим Ашыров КУУда окуп, MegaComдо иштеп жатканын көрсөткөн. Анын барагы 2019-жылдын 21-июнунда ачылган. Ал аватарына кыргыз ырчысы жана музыканты Тимур Кожобековдун сүрөтүн колдонгон. Биз Тимур Кожобеков менен байланышканда сүрөтүн фейк колдонуп жатканын ырастап берген.

Фейк Эржан Султанов тууралуу да жазганбыз. Ал активдүү бот, анын профили 2018-жылы ачылган. Анын барагында посттор жок, бирок бир сүрөт бар жана анда жүзү так көрүнгөн эмес. Ушундай эле сүрөт реалдуу адамда бар — Атыраудагы казакстандык Арман Сериковдо.

Фейк Адиль Сарсеев 2019-жылдын май айында пайда болгон. Анын барагындагы маалыматка караганда, ал Бишкекте төрөлүп, №68 мектепте окуган жана учурда Санкт-Петербургда жашайт. Профилдин сүрөтү катары Дмитрий Мавковеевдин сүрөтүн колдонот.

Фейк Эрик Бейсекеев 2019-жылдын 3-сентябрында түзүлгөн. Ал Бишкекте төрөлүп, Алматада жашап жатканын жана Al-Farabi Kazakh National Universityде окуп жатканын көрсөткөн. Бирок андагы сүрөт Кирилл Шнайдерге таандык.

Фейк Асыл Стоаков Бишкекте жашай тургандыгын көрсөткөн. Анын аккаунту 2019-жылдын 17-майында ачылган. Аватарында цитата жазылган сүрөттү колдонот. Анын профилинин «Сүрөттөр» бөлүмүндө мурда аватарына колдонгон бир кишинин сүрөтү бар. Көрсө ал сүрөт татарстандык Ильгиз Юсуповго таандык экен.

А бул болсо, фейк Мыйзамбек Төрөбеков, бирок анын барагынын шилтемеси bekbolotsarbay деп аталат. Ал эми сүрөтү болсо чыгыш Халханын тургунуна таандык.

Ширин Стамова фейсбукта 2019-жылдын жай мезгилинде пайда болгон. Профилиндеги маалыматка караганда ал Кара-Балтада төрөлгөн. Ал эми аватарындагы сүрөт ютубдагы америкалык Roxy Colsonго окшош. Иш жүзүндө сүрөт америкалыкка таандык эмес, мисалы жасалма интеллект аркылуу генерацияланган болушу ыктымал. Бирок мындан улам фейк Стамова реалдуураак болуп кетпейт.

Ал эми бул болсо фейк Махабат Талантбекова. Екатеринбургдук экенин жазат. Болгону Орусиянын депутаты Марина Мукабенованын сүрөтүн колдонот.

Фейк Асел Сулайманова инстаграмда 95 000 окурманы бар атактуу Мухамбетова Акберметтин сүрөттөрүн колдонот.

Мырзабеков менен достос эмес кээ бир боттор көбүнчө анын постуна начар журналисттер тууралуу пикирлерин жазып кетишет.

Мисалга, фейк Баймурат Исаев — Ошто туулуп, учурда Москвада жашап жатканын көрсөткөн. Аватар катары орусиялык спортчу Виктор Лебедевдин сүрөтүн коюп алган.

Албетте, бул материалда фейктердин баары келтирилген жок, ал тургай бот Мырзабековдун досторундагы фейктердин баары да камтылган жок. Биз боттор тууралуу жана алардын коомдук ой-пикирге таасир кылуу аракеттери жөнүндө материалдарды жарыялоону уланта беребиз.

Автору: Адеим Убакеева

Редактору: Айдай Иргебаева

ТЕМА БОЮНЧА:

Башка адамдардын сүрөттөрүн колдонгон фейк аккаунттар менен таанышып алыңыздар