кЫЯЛЫМДАГЫ КОСМОС
Болот Исабековдун жүзөгө ашпай калган ажайып космос келечеги туурасында фотодолбоору
Кыялдар, каалоо, умтулуу — адам баласынын жашоосунун спутниги. Бирөөсү жаралып, башкасы аткарылып, үчүнчүлөрү жалпы агымда чөгөт. Бул кандай болуп атканын байкоого араң жетишем, анткени өткөн нерсенин ордуна дароо эле тез өтмө жана жандап учуп өтүүчү жаңы нерсе келет. Бирок дагы бир нерсеси узакка чейин калат.

Мен 80-жылдары окугам, ал учурда менин өлкөм Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы деп аталчу, ал эми мектеби болсо космонавт Владимир Комаровдун ысымын алып жүрчү. Пионердик бөлмөдөгү «Алдыга, Марска!» деген жазма ошол жылдардын маанайы менен ишенимдүүлүгүн берип, жакын арада башка планетага учуу кадимки эле көрүнүш болуп калаарын чагылдырып турчу. Инженердикке окуу менен мен өз тандоомдун тууралыгынан шек саначу эмесмин. Биз учууга, эрдик көрсөтүүгө жана алыскы сапарга даярданчубуз.

Мен окуган илимдер менен сабактардын мага ошо бойдон кереги тийген жок. Убакыт өтүп, биз жашаган өлкөлөр өзгөрүп жатты. Аталыштар, курулуш башкача болуп калды. Жашоо жана адамдардын мамилелери да өзгөрүп атты. Учурдагы мезгилде мурдагы каалолорго орун аз калтырылган, бирок өз жолуңдан өткөн жашоонун издери менен белгилерин жолуктурган сайын мен ошол кыялдар жок болуп кетпегенин түшүнөм.

Алар мурдагыдай эле ичимде өз саатын күтүп жаткан жүзөгө ашпаган нерселер болуп кала берүүдө.
Сүрөт жана текст: Болот Исабеков
ТЕМА БОЮНЧА:
«Клооптун» тексттик материалдарын түп нускасына активдүү шилтеме берүү жана авторун көрсөтүү менен колдонууга уруксат берилет. Уруксат алуу. Видео жана сүрөттөрдү колдонуу боюнча бул почтага жазыңыз: ulugbek@kloop.kg
Made on
Tilda