Кадамжайдагы төрт мектептин окуучулары жер титирөөдөн улам чатырларга жайгаштырылат


Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда болгон жер титирөөдөн кийин Баткен облусундагы Кадамжай районундагы төрт орто билим берүү имараттары жараксыз деп табылган. Район акими белгилегендей жабыркаган мектептин окуучулары эми чатырларда билим алышат.

Кадамжай районунун акими Тохтомат Ганиев жер титирөөдөн кийин аймактан орун алган 84 мектептин баары кандайдыр бир деңгээлде жабыркаганын белигелеп, алардын төртөөндө такыр эле мектеп окуучулары үчүн билим алууга болбой калгандыгын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги жараксыз деп табылган мектептин окуучулары үчүн 10 жылууланган чатырларды бөлүп берген.

Оңдоп-түзөө иштерин талап кылган үч мектепте азыр ремонт иштери жүрүп, ага орто билим берүү жаатында эмгектенгендер катышууда.

Акимдин белгилешинче, мектептерди калыбына келтирүү үчүн кете турган чыгымдарга финасы миинтирлигине атайын буйрук бергенин белгилеп, бирок азыр министирлик эч кандай акча каражатын бере электигин айтат.

Азыр аймактагы социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштери райондук администрацияын күчү менен гана жүрүп келет.

Ал эми билим берүү министирлигинин белгилешинче Кадамжай районундагы 12 мектептерде толук түрдөгү ремонт шитерин жүргүзүү зарыл.

Билим берүү министирлигинин пресс-катчысы Керез Жукееванын айтымына таянсак, мектептерге келтирилген чыгым 27 миллион сомду түзөт. (600 миң АКШ долларынын тегерегинде).

Баткен облусундагы Кадамжай раойнунан башка аймактарда жаңы окуу жылына баардык эле мектептер даяр экенин пресс-катчы кошумчалады. Анын айтымында бул райондо окуучулардын оокуу процесси үзгүлтүккө учурабайт. Балким балдарды башка окуу метептерине алып барып туруу мүмкүнчүлүгү болот.

Социалдык объектилер ремонттоло баштады

Мындан мурун район башчысы Тохтомат Ганиев ЗАГС, милиция имараттары оңдоп-түзөө иштеринен өтүп баштаганын кошумчалаган.

Жабыркаган аймактык ооруканасын калыбына келтирүү иштерине саламаттык сактоо министирлиги 1 миллион сом бөлүп, тендер жарыяланган.

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматында Баткен облусу боюнча кооптуу деп 470 турак-жай табылып, 27 социалдык объектилер жарабай калган.

Редактор: Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Сырдыбаева