Көзүнөн жабыр тарткан илбирс Алматы зоопаркына берилиши мүмкүн

«НАБУ-Кыргызстан» реабилитациондук борборунда көзүнөн жабыр тарткан сейрек кездешүүчү илбирс багылып келет. Эгерде жакынкы арада бийлик өкүлдөрү жаныбарга жардам берүү маселесин чечишпесе, анда илбирсти Казакстандын Алмата зоопаркына жиберишет.

Бул маселе тууралуу активисттер премьер-министрге кайрылышкан. Алмазбек Атамбаев айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Баянбек Кадыровко көзүнөн жабыр тарткан илбирстин маселесин тезинен чечип берүүсүн тапшырды.

Кадыров «Клоопко» берген интервьюсунда, госпиталдын офтальмологу Алмаз Исманкулов жаныбарларды карап чыгып, алардын мындай түрдөгү операция жасаганга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

«Алмаз Исманкулов илбирстерди бекер операция жасап берем деген. Барып жаныбарды караган соң жасай албай турганын айтты », - деп түшүндүрдү агенттиктин директору.

Эми токой чарба агенттигинин жетекчиси илбирске операция жасай алчуу дүйнөлүк фонддор жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет жасоодо.

«Жаныбарларга операция жасап кайра өлкөбүзгө алып келсек жакшы болмок. Мен Кытай жана Япония элчилигине кайрылдым»,-деп кошумчалады Кадыров.

Анын айтымында, операция жасоого 120 миң евро керектелет. Эгер, токой чарба агенттиги илбирстерге операция жасоо үчүн акча каражатын таба албаса, анда жаныбарлар Казакстандын Алмата зоопаркына жиберилет.

«Алматалык зоопарк жаныбарларды кыйналбашы үчүн алып кетүүгө даяр. Эгер операция жасасак аларды кайра өлкөгө алып  келебиз. Андай кыла албасак,  балким, аларга беришибиз да мүмкүн»,-деп айтты Кадров.

Токой чарба агенттигинин жетекчиси илбирстердин абалын канатаандырарлык деп эсептеди.

«Илбирстердин көзүнөн жаш чыгып турат, аларга күн сайын көзүнө дарысын тамызып туруш шарт. Алардын бири оор абалда. Анын сезимдеринин ичинен жыт сезүүсү гана иштейт. Экинчисинин абалы канаатандырарлык», - деп айтты Рустамов.

Анын оюу боюнча, илбирстерди Алматалык зоопаркка берип жиберүү керек.

«Менин жеке оюм боюнча, аларды сурап жаткан керектүү адамдарды бериш керек. Мисалы, операция жасай алчуу тарап Алматы зоопаркына бериш керек. Аларга бекер операция жасап жана алардын генофондун алып калууну каалагандар болсо мен кубанычтамын»,-деди Рустамов.

Жетекчисинин орун басары, келишим түзүп, операция болуп бүткөн соң илбирстин бирин Казакстандык зоопарк Кыргызстанга кайтарып бериш керек, -деп билдирет.

«Операция жакшы өтсө ошондой болушуна ишенем. Генофонд алынган соң, мен анын бирин беришин талап кылам. Бизде эки ургаачысы бар. Биз өз генофондубузду көбөйтүшүбүз керек»,- деп айтат Рустамов.

Илбирстин балдары

Ананьево айылындагы жапайы жаныбарларлар «НАБУ-Кыргызстан» фондунун Алсу аттуу илбирси эки илбирсти тууган.

Илбирстердин көздөрү бир аз жабыркаган абалда болгон. Бир жарым жыл мурун Санк-Петербург зоо-офтальмологу илбирстерди карап алардын көздөрүнө колобома диагнозун койгон.

Азыркы кезде, эки жылдан бери жаныбарлар «НАБУ-Кыргызстан» реабилитациондук борборунда каралып келет.

Ак илбирс сейрек кездешүүчү, азайып бараткан жаныбарлардын катарына кирет. Илбирс кырылып бараткан жаныбарлар катарын толуктап, кызыл китепке киргизилген. Дүйнө жүзүндө 5-7 миң илбирс сакталууда.

Кыргызстанда 1948-жылдан бери ак илбирстерди атууга тыюу салынган. 1975-жылдан тартып Республиканын өзгөчө корголуучу жаныбарларынын катарына киргизилген.

Кыргыз редактору жана которгон Айгул Гуламидин кызы
Сүрөт Дизель форумунан алынды