Бүтүрүүчүлөр менен абитуриенттерге: Жалпы республикалык тестирлөөнүн сыноочу онлайн тести

Билим берүүчү Edc.kg порталы 15-май күнү өз ичине математика, эне тилинде окуу жана түшүнүү, эне тилинин грамматикасы, ошондой эле окшоштуктар менен сүйлөмдөрдү толуктоо боюнча суроолорду камтыган негизги сыноочу онлайн-тестти жарыялады. Тесттер бүтүрүүчүлөр үчүн Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борбору тарабынан иштелип чыккан көрсөтмө куралдардын негизинде даярдалган.

Тапшырмалар менен таанышып, сыноо тесттин Edc.kg. сайтынан өтүүгө болот.

Жалпы республикалык тестирлөө — бул Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыра турган бүтүрүүчүлөр милдеттүү түрдө тапшырышы керек болгон сынак.

Бүтүрүүчүнүн жалпы республикалык тестирлөөдө алган упайларына жараша анын кайсыл окуу жайында жана кайсыл адистик боюнча билим алаары белгилүү болот.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын тизмесин жүктөп алуу

Кыргыз-Орус Славян университети, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети бүтүрүүчүлөрдү өзүлөрүнүн жеке сынактарынын жыйынтыктары боюнча же жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл ала алышат.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн бөлүмдөрү

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестти төрт бөлүмдөн турат жана ага 3 саат 35 мүнөткө созулат.

  • Математика (60 суроо; 90 мүнөт)

Бул бөлүм математикалык же техникалык адистиктерге тапшыруу үчүн бүтүрүүчүнүн билимин аныктоочу болуп эсептелбейт жана өз ичине математика боюнча негизги тапшырмалар менен ыкмаларды камтыйт.

Негизги тестти тапшырууга 3 саат 35 мүнөт берилет.
Негизги тестти тапшырууга 3 саат 35 мүнөт берилет.

Кыргызча жана орусча бөлүмдөрдөгү тапшырмалардын үлгүлөрү:

  • Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо (30 суроо; 30 мүнөт)

Бөлүм бүтүрүүчүнүн лексикалык жана сөздүк запастарын, анализдөө жөндөмдүүлүгүн, сөздөрдүн өз ара байланыштарын аныктоо жана бир же бир нече белгилери аркылуу окшоштуктарын же айырмачылыктарын ажырата билүүсүн текшерет.

  • Эне тилинде окуу жана түшүнүү (30 суроо; 60 мүнөт)

Бөлүм 400дөн 850гө чейинки сөздөн куралган текстти окууда бүтүрүүчүнүн көңүл коюучулугун, текстин мазмунун түшүнүүсүн, подтексттерди, автордун маанайын жана текстин түзүмүн  түшүнүп, чечмелей алуусун текшерет.

  • Эне тилинин практикалык грамматикасы (30 суроо; 35 мүнөт)

Бул бөлүм бүтүрүүчүлөрдүн орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун текшерет.


Тема боюнча: