Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) төмөнкү упайларды алып калгандар жана билим берүү мекемелеринин адистери абитуриент жогорку окуу жайына тапшыруу сыноолорунда аз упай калган учурда эмне кылууга болору жөнүндө айтып беришти.

Kloop.kgнин редакциясы жалпы республикалык тестирлөөдө аз упай алып калып, жогорку окуу жайына тапшыра албай калуу тобокелдигинде турган абитуриенттердин эмне кылса болорун түшүндүрүү үчүн студенттер менен билим берүү мекемелеринин адистеринин арасында сурамжылоо жүргүзүүнү чечти.

«Убайым тартпоо жана кошумча вариантка ээ болуу»

Мурдагы абитуриенттер төмөнкү упай — убайым тартууга себеп эмес, анткени тапшыруу үчүн жогорку упай керек болбогон да окуу жайлар бар деп эсептешет.

13499858_289474428065766_146988978_o

Айпери (79 упай) — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти

Учурда КУУнун колледжинде окуйм, ал жакка байланыштардын жардамы менен контракттык бөлүмгө тапшыргам. Алгач оор болгон, бирок убакыттын өтүшү менен көңүп калдым, жакшы окуганга аракет кылып жатам. Алгач ата-энем урушкан, бирок мен аракет кыла турганымды айткандан кийин мени колдоого алышты».

Нурсултан (98 упай) — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти

«ЖРТга мен даярдангам, тест тапшыруу маалында кыйынчылыктар көп учурады, маселен, түшүнүксүз суроолор көп болду. Мен 11 жыл окуганым менен андай суроолорду кездештирген эмесмин.

Эгер төмөнкү упай алып калсаңар Юридикалык академиянын Укук таануу факультетин сунуштайм, ал атайын төмөнкү упай алып калгандар үчүн ачылган. Ал үчүн тиешелүү документтерди жана анчалык деле оор болбогон сынак тапшыруу гана жетиштүү.

Дагы бир жолу бар — Улуттук университетте бир жылдан кийин бакалавриатка которулууга мүмкүн болгон дистанттык окуу бөлүмү бар. Ошондой эле атайын колледждерге барууга болот, алардын жардамы менен дароо эле экинчи курска барып отурууга мүмкүн.

Айгерим (111 упай) — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын даярдоо курстарынын студенти

«Эгер кимдир бирөө ЖРТда төмөнкү упайларды алып калса ал убайым тартпашы керек. Эгер сен ЖОЖго быйыл тапшыра албай калсаң ал көйгөй эмес, анткени даярданып алып, эмдиги жылы каалаган жериңе тапшырууга болот.

Жеке менде тестти экинчи жолу тапшырганда ишенимдүүлүк пайда болду. Мен бир жыл даярдандым жана быйыл мен үчүн ЖРТ оңой эле болду. Көңүлдү түшүрбөстөн даярданып, түрдүү учурлар үчүн кошумча варианттарга ээ болуу кеңешин берем».

Нурдөөлөт (98 упай) — Кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенти

«Мен ЖРТга даярданган эмесмин, ошондуктан төмөнкү упайларды алып калдым окшойт. Аз упай алып калганымды билегенден кийин ал абалдан чыгуу жолдорун издей баштадым. Ал тез эле табылды. Мен өткөн ишке өкүнүп отуруудан пайда чыкпайт деп «Манас» университетинин сынактарына жакшылап даярданып баштоону туура көрдүм.

Ал сынактар анчалык деле оор эмес экен, мен 172 упайга ээ болуп ал жакка тапшыра алдым. Менин абитуриентке кеңешим — кол куушуруп отуруп калбоо жана кошумча вариенттарга ээ болуу. Эгер мүмкүнчүлүк болсо ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго да тапшырууга болот.

ORT_2-1068x601

«Колледжге да тапшырууга болот»

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Евгения Чобукова Kloop.kgге жогорку упай албаган бүтүрүүчүлөр колледждер менен лицейлерге тапшыра ала тургандыктарын айтты.

«110 упайдан төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон абитуриенттерде жогорку окуу жайларына тапшыруу сынактарына катышуу укугу жок болот, ошондуктан аларда колледждерге, профессионалдык-техникалык лицейлерге тапшыруу же болбосо ЖРТны эмдиги жылы тапшырууга даярдануу мүмкүнчүлүктөрү бар», — деди ал.

Билим берүүнү жана окутуунун ыкмаларын баалоо борборунун өкүлү Чынара Батракеева абитуриентте дайыма башка вариант бар болот деп эсептейт.

«Өз күчүн атайын орто окуу жайларында сынап көрсө болот. Же болбосо жогорку окуу жайлардын алдындагы даярдоо курстарына барса болот. Ошондой эле бизде абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыктарысыз эле кабыл алган ЖОЖдор да бар, бирок алардын көбү сүрөт тартканды же бийлегенди билүү талап кылынган чыгармачыл багыттар […]», — деди ал.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов төмөнкү упай алып калган абитуриенттерге ЖРТны эмдиги жылы тапшырууга даярданууну кеңеш кылат.

«Негизинен бизге жогорку упай алган абитуриенттер келишет. Биз ЖРТнын жыйынтыктары боюнча гана кабыл алабыз, башка жолу жок, ошондуктан репетиторлордун курстарына барып же өз алдынча даярдануу керек», — деди ал.

ЖРТ

Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) — бул окуучулардын окууну андан ары улантуу жөндөмдүүлүгүн текшере турган мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болгон сыноо.

Ал жооптордун көптөгөн варианттарынан турган суроолор форматында түзүлгөн жана үч бөлүктөн турат: математикалык, оозеки-логикалык жана эне тилдин практикалык грамматикасы. Негизги тесттерден сырткары абитуриенттер кошумча билимди талап кылган адистиктерге тапшыруу үчүн керек болгон предметтик тесттерди да тапшырышат.

Кыргызстанда ЖРТ жыл сайын май айында тапшырылат. 2016-жылы тестти 55 миңге жакын бүтүрүүчү тапшырды. Билим берүү министрлиги 2016-жылы да окууга өтүү үчүн былтыркыдай эле 110 упайдан жогорку көрсөткүчтөр жарай турганын билдирди.

Тема боюнча:

Автор: Чолпон Апасбекова