Парламент «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Парламент депутаттары биринчи окууда «салттуу эмес мамилелерди пропагандалоого» каршы мыйзам долбоору үчүн добуш беришип, аны катаалдатууну сунушташты. Укук коргоочулар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандырууга» тыюу сала турган мыйзам долбоору 9-октябрда парламент депутаттары тарабынан кабыл алынды.

Аны 87 депутаттын 64ү колдоду.

Парламентарийлердин бир катары мыйзам долбоорунда белгилүү бир түшүндүрмөгө ээ эмес субъективдүү терминдердин бар экендигин белгилешти – депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, аларга «жакшы пикир калтыруу» термини да кирет.

«Канчалык деңгээлде жакшы пикир? А мүмкүн терс пикирдир? Адамдын субъективдүү мамилесин аныктоо өтө кыйын болот. Бизге мыйзам жазып чыгуу жеңилирээк болот. Бирок аларды соттор кантип ишке ашырышат?», — деп суроо салды Осмонов

Парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева Осмоновдун айткандарын колдоду – анын айтымында, «жакшы пикир калтыруу» терминин каалагандай түшүндүрүүгө болот.

«Андан сырткары мен биздин милициянын салттуу эмес сексуалдык ориентациядагы адам аныктала турган болсо дайыма эле туура аракеттерди көрбөй тургандыгын жакшы билем. Чынында алар өтө катуу мамиле кылышат. Аны биз баарыбыз билебиз», — деди депутат.

Адам укуктары боюнча парламенттик комитеттин башчысы, депутат Наталья Никитенко мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы адам укуктарына терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

Анын пикири менен консервативдүү көз караштагы депутат Турсунбай Бакир уулу макул болгон жок — ал мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү «салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап калууга жардам берет» деп эсептейт.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров болсо экинчи окууга карата «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге жакшы пикир калтыруу» үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, парламентарий Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, депутаттар ЛГБТ [лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр] коомчулугунун өкүлдөрүнүн канын донордук кан катары пайдаланууга тыюу салуу каалоолорун айтышты.

«Алар көпчүлүк учурларда гепатит жана башка оорулар менен оорушат. Бир катар депутаттар аларга бала асырап алууга тыюу салууну да сунушташты. Андан сырткары пропагандага мамлекеттик бюджеттен акча коротпоо демилгелери да айтылды», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде «жакшы пикир жаратуу» кандай жол менен аныктала тургандыгын жана «салттуу эмес сексуалдык байланыштардын» эмне экендигин түшүндүрүп бере алган эмес.

«Салттуу мамилелер — бул Кудай эркек менен аялды жаратты, салттуу үй-бүлө, аялы менен күйөөсү, бул салттуу. Табигый үй-бүлө — бул коомдун уясы. Анда биздин каада-салттарыбызды сактоо укугу бар. Ал эми бир жыныстуу үй-бүлө куруу биздин кыргыз коому үчүн өөн нерсе», — деген ал.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.