«Клооп» англис тилчи мугалим жана ыктыярчыларды издейт

Бизде жаңы вакансия ачылды! Кыргыз тилинде сүйлөгөн англис тилчи мугалим жана Okutool English долбоору үчүн ыктыярчыларды издейбиз. 

Okutool English — эне тили кыргыз тили болгон бардык колдонуучулар үчүн англис тилин үйрөнүүнүн башаты болууга умтулат. Биздин аракеттин аркасы менен англис тили Кыргызстандагы экинчи популярдуу тилге айланса деп кыялданабыз. 

Онлайн окутуу платформабыз бүт Кыргызстан боюнча студенттердин кеңири аудиториясын камтууга мүмкүнчүлүк түзөт, демек сиздин кызмат биздин коомду өнүктүрүүгө жана билим берүү жаатындагы олуттуу өзгөрүүлөргө жол ачышы мүмкүн. 

Кандай милдеттер жүктөлөт:

  • англис тилин ар башка деңгээлде билген студенттер үчүн окуу программасын түзүү; 
  • видеосабактарды, тексттерди жана көнүгүүлөрдү иштеп чыгуу; 
  • студенттер, ыктыярчылар жана биздин онлайн-коомчулуктун башка мүчөлөрү менен байланышта болуу;  
  • «токинг клаб» же сүйлөшүү аянттарын уюштуруу; 
  • программаны жакшыртуу жана идеяларды сунуштоо. 

Биздин оюбузча, идеалдуу талапкер төмөнкү сапаттарга ээ болмокчу: 

  • кыргыз жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт;  
  • англис тилин мыкты үйрөтөм деген каалоосу күчтүү; 
  • электрондук окутуу программасын же онлайн курстарды иштеп чыгууда тажрыйбасы бар (жок болсо, коркунучтуу эмес). 

Жумасына 20 саат убакыт жумшалат. Башка ишиңиз менен айкалыштырам десеңиз абдан ыңгайлуу. Баса, бизде толугу менен аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет! 

Биздин командага кошулгуңуз келеби? Анда ушул шилтемедеги билдирмени толтуруңуз. Билдирме 2024-жылдын 5-майына чейин кабыл алынат. 

Тандоо эки этап менен өтөт. Алгач техникалык тапшырма болот, биринчи этаптан ийгиликтүү өткөндөрдү маектешүүгө чакырабыз. 

Эгерде азырынча тажрыйбаңыз азыраак болсо же бизге тек гана ыктыярчы катары көмөктөшөм десеңиз, анда сизди дагы издеп жатабыз! Ушул тармакка кызыксаңыз жана коюлган тапшырманы жоопкерчиликтүү аткарам десеңиз төмөндөгү ыктыярчыларга арналган билдирмени толтуруңуз. 

  • соцтармактарды алып баруу (Instagram, YouTube же Telegram);
  • видео монтаждоо;
  • презентация жана посттор үчүн дизайн иштеп чыгуу; 
  • окуу программасын даярдоо үчүн англис жана кыргыз тилинде эркин сүйлөө; 
  • англис тилинде токинг клаб өткөрүүдөгү тажрыйба; 
  • окуу программаларын колдонмого жүктөө жана тесттирлөө; 
  • же жөн гана англис тилин үйрөтүүгө жардамдашууну каалагандар. 

Бай тажрыйба менен катар, сиз сертификат жана биз менен кызматташканыңыз үчүн ыраазычылык барагына ээ болосуз. Артыкчылык көрсөткөн ыктыячыларга мындан аркы кызматташуу жана ишке орноштурууну сунуштайбыз.  

Ыктыярчаларга арналган билдирмени бул шилтеме аркылуу толтурасыз. Билдирмелер 2024-жыл 5-май, саат 21:00гө чейин кабыл алынат. 

Биздин долбоор жөнүндө кененирээк билгиңиз келсе шилтеме аркылуу өтүңүз.