11-класстын окуучусу Алияр Алмазбек уулу Конфуций институту тарабынан Азиянын 80ден ашык өлкөсүндө өткөрүлүп келген «Кытай көпүрөсү» сынагында үчүнчү орун алды. Сынактагы жеңиши мектеп окуучусуна Шанхай университетинде жарым жыл бекер окуу стипендиясын берет.

Алияр Алмазбек уулу финалга төрт өлкө чыкканын айтты — Таиланд, Камбоджа, Кыргызстан жана Монголия.

Таиланддын катышуучулары биринчи, а Монголиянын мектеп окуучулары экинчи орун алышкан.

Алияр сынакта үчүнчү орун алып, Шанхай университетинде бир семестр бекер окуп, стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Айтымында, анын ал жакка тапшыруусуна бардык эле абитуриенттер үчүн чоң артыкчылык болуп эсептелген грамоталары менен сертификаттары жардам берет. Алгачкы бекер семестрдин жыйынтыгы менен Алмазбек уулу Шанхай университетинде окуусун улантуу ниетинде. Ал экономиканы окуп, Кыргызстанды өнүктүрүүнү каалай турганын айтты.

Байгелүү орундарга жетүү үчүн сынактын катышуучулары тесттик суроолорго жооп берип, Кытайдын маданияты тууралуу билгендерин айтып, өз таланттарын көрсөтүүлөрү керек болгон — мисалы, ырдап, бийлеп же музыкалык инструменттерде ойноп.

Алияр чыгармачылык тапшырма катары «Кытайлык» деген ырды тандап алган.

«Сынактын 400дөн ашык катышуучусунун бардыгы тең өз желегин таап, сүрөткө түшүүгө аракет кылгандыктары кызык болду. Мен Кыргызстандын желегин таба алдым жана жүрөгүмдө өзгөчө атуулдук сезим пайда болду. Мен Кыргызстандан экендигимди көрсөтүү үчүн дээрлик бардык күндөрү калпак менен жүрдүм, бардыгы кызыгып, сурап жатышты», — деди Алияр.

Алияр Алмазбек уулу былтыртан бери №69 гимназиянын окуу-тарбия комплексинде 11-класста окуйт. Ага чейин Алияр кытай тили сабактары кыйла аз болгон лицейде окуган. Гимназияды кытай тили 5-класстан тарта жумасына 11 сааттан окутулуп баштайт.

«Бизде HSK (кытай тили боюнча расмий тесттин деңгээлдери — редакциянын түшүндүрмөсү) алты деңгээли бар. Ал TOEFL сыяктуу эле. Алияр азыр анын бешинчи деңгээлин алды», — деди кытай тили мугалими Айжамал Апасбекова.

№ 69 гимназиянын директору мектеп түзүп берген шарттар окуучулардын ийгиликтерге жетишип, Кытайдын жогорку окуу жайларынын бекер окуу бөлүмдөрүнө тапшыруусуна мүмкүнчүлүктөрдү берерин белгиледи.

«Биздин окуучулар азыр Кытайдын алдынкы университеттеринде окуп жатышат. Быйыл 11дей студент болот деп болжолдоп жатабыз. Азыр биз айтып жаткан сандардын артында окуучунун өзү менен аларды колдон жетелеп жүргөн мугалимдердин чоң эмгектери турат», — деди мектеп директору Сайрагүл Атаева.

Видео: Тилек Бейшеналиев