Кыргызстандык тубаса майып бала тууралуу тасма эл аралык «Вебби» сыйлыгында көрүүчүлөрдүн тандоосу байгесин алды. Тасма 2 млн. 300 миңден ашык добуш алып, «Реалдуулук» категориясындагы жеңүүчүлөрдүн бири болуп калды.

Эң мыкты онлайн-долбоорлорго ыйгарыла турган эл аралык «Вебби» сыйлыгынын интернет-добуш берүүсүнүн жыйынтыктары 26-апрелде белгилүү болду.

Ага ылайык, майып өспүрүм тууралуу кыргыз тасмасы «Реалдуулук» категориясында көрүүчүлөрдүн тандоосу байгесине ээ болду. Бул категория боюнча бир жыныстуу баш кошууларды мыйзамдаштыруу тууралуу жаңылыкка карата балдардын жасаган реакциялары көрсөтүлгөн сюжет жеңишке жетти.

Жеңиш тууралуу тасманын автору жана «Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев «Фейсбук» социалдык түйүндөгү баракчасына жазып, тасмага добуш берген жарандарга ыраазычыгын билдирди.

«Менимче бир дагы добуш берүүдө мынчалык биримдик болбосо керек. Баарыбызды билим алууну каалаган майып мектеп окуучусунун кыялы бириктирди. Биздин тасма үчүн 2 млн. 300 миң адам добуш берди. Кыргызстан үчүн бул чоң сыймык», — деп жазды Эгизбаев.

Кыргызстандык майып өспүрүм тууралуу сюжет сыйлыктын «Реалдуулук» категориясына көрсөтүлгөн беш тасманын бири болгон. Анда тубаса майып болуп төрөлүп, өз алдынча баса албаган жана келечекте дарыгер болсом деп кыялданган мектеп окуучусу Нургазы тууралуу айтылат.

Эл аралык «Вебби» интернет-сыйлыгы санариптик искусство жана илим академиясы тарабынан 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Интернет-сыйлык өзүнүнүн ийгиликтүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн веб-сайттарга, онлайн-сервистерге жана видеотасмаларга ыйгарылат.

Айрым учурларда «Веббини» «интернет-оскар» деп да атап коюшат. Ар кайсыл жылдары ал сыйлыкка BBC, Google, YouTube жана  iTunes долбоорлору ээ болушкан.