Кыргызстандык тубаса майып мектеп окуучусу тууралуу тасма эл аралык «Вебби» сынагына көрсөтүлүүдө. Анын жеңүүчүлөрү интернет-добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча 21-апрелде аныкталат.

Кыргызстандык тубаса майып өспүрүм тууралуу сюжет эл аралык «Вебби» видео-сыйлыгынын «Реалдуулук» категориясына көрсөтүлгөн беш тасманын бирөөсү болуп калды. Жарым жылдын ичинде ал тасманы «Фэйсбук» социалдык түйүнүндө эле 200 миңден ашык колдонуучу көргөн.

«Азаттык» радиосунун журналисттери тарабынан тартылган видеонун өзүндө квадрцикл тууралуу кыялданган мектеп окуучусу Нургазы тууралуу айтылат.

Өспүрүм майып болуп төрөлүп, өз алдынча баса албайт жана аны мектепке чейин майыптар арабасы менен алып барып келишкен.

Кийин Нургазынын кыялы орундалган — сюжеттин аягында кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери ага квадроцикл белек кылышат.

Эми ал келечекте дарыгер болсом деп кыялданууда.

Сынактын жеңүүчүлөрү 21-апрелде аяктай турган ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары менен аныкталат.

Сынакка катышып жаткан тигил же бул видеого шилтеме аркылуу өтүп добуш берүүгө болот.

Эл аралык «Вебби» интернет-сыйлыгы 1996-жылдан бери ыйгарылып келет.  Ал жыл сайын жылдын мыкты веб-долбооруна тапшырылат.

Ар кайсыл жылдары ал сыйлыкка интернет-алпы Google, Би-Би-Си, YouTube видео-хостинги жана CNN телеканалы ээ болушкан.

Сүрөт: Улан Эгизбаев / RFE/RL