10-майда Кыргызстандын түштүгүндөгү Ооган-Талаа айылында болгон сел агымдары жолдорду жууп, жеке үйлөрдүн чарбалык курулуштарын каптады. Селдин пайда болушуна үч күнгө созулган нөшөрлөгөн жаандын жаашы себеп болгон.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы сел агымдары жолдорду жууп, жеке үйлөрдүн чарбалык курулуштарын каптады. ӨКМдин маалыматтары боюнча, сел 10-май күнү эртең менен саат 7де болгон.

01

02

ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун өкүлү Эржан Намыртагаев Kloop.kgге курган маегинде селдин жүрүшүнө үч күндөн бери жаап жаткан нөшөрлөгөн жаан себеп болгонун айтты.

«Нөшөрлөгөн жаандан улам Ооган-Талаа айылында сел жүрдү, ал жолдор менен көпүрөлөрдү жууп кетип, үйлөрдүн чарбалык курлуштарын каптады. Азыр ал жерге жарандарды коргоо боюнча жарандык комиссия жөнөп кетти, ал андагы келтирилген зыяндын көлөмүн баалайт», — деди Намыртагаев.

03

04

Ал анда иштер жүрүп жатканын, бирок баткактуу агым турак-үйлөргө жете элек болгондуктан, жергиликтүү жашоочулар эвакуацияланбаганын кошумчалады.

Окуя болгон жерден алыс эмес жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчылары айылда электр жарыгы өчүрүлгөнүн, а сел жууп кеткен жолдор аркылуу жашоочуларга жетүүгө мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

05

06

Күбө Марат Токтобаев Kloop.kgге жергиликтүү бийлик жашоочуларды коопсуз жайларга көчүрүүгө жардам берип жатканын айтты.

«Катуу жаан жааган, сел эртең менен тоо тараптан келди. Баткан агымдары айрым үйлөрдү каптап, жергиликтүү мектепке чейин жетти. Азыр мектеп менен бала бакча жабык. Адамдар өз үйлөрүн тазалап жатышат. Жергиликтүү бийлик айрымдарын кыйла коопсузураак деп эсептелген жерлерге көчүрүп жатат», — деди ал.

07

08

Болжолдуу маалыматтар боюнча, селден улам каза болгондор жок. Азырынча андагы селдин көлөмү тууралуу маалымат белгисиз.

Буга чейин нөшөрлөгөн жаандан улам Чүй облусунда да сел агымдары пайда болгон. Анда сел Чүй, Ысык-Ата жана Москва райондорунда жашаган 1500 кыргызстандыктын үйлөрү менен чарбалык курулуштарын зыянга учураткан.

Сүрөт: Кызжибек Сыргаева