Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мегакомду» сатып алуу боюнча билдирмелерди кабыл алууну 15-июнга чейин жылдыруу чечимине келди. Мындай чечим сатып алуучулардын жоктугунан улам 11-майга белгиленген аукцион болбой калгандан кийин кабыл алынып отурат.

«Альфа Телеком» компаниясын (Мегаком» уюлдук операторун) сатып алууга билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү 15-июнга чейин жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү расмий түрдө билдиришти.

«Объектинин стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен потенциалдык инвесторлорго материалдарды текшерип, менчиктештириле турган объектини карап чыгууга убакыт берүү максатында жана мекемелер аралык комиссиянын сунушунун негизинде «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100 пайыздык акцияларын сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү 2016-жылдын 15-июнуна чейин жылдырылды», — деп жазылган билдирүүдө.

«Мегакомду» сатуу боюнча аукцион 11-майга пландалган, бирок ага бир дагы инвестор билдирме жөнөтпөгөндүктөн улам ал болбой калган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду компанияны сатууну биринчи жолу жылдырбай эле. Буга чейин фонд май майрамдарына байланыштуу компанияны сатып алууга билдирме тапшыруу мөөнөтүн жылдырган болчу.

«Альфа Телеком» компаниясы («Мегаком» уюлдук оператору) мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү программасынын алкагында 2016-жылдын февралында сатыкка коюлган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү Kloop.kgге оператор башка уюлдук операторлор менен «атаандаша албай тургандыгын», аны жеке менчикке сатуу компаниянын өзүнүн өнүгүүсүнө акча салуусуна мүмкүндүк бере тургандыгын айтып түшүндүрүшкөн.

«Мегаком» — үч миллионго жакын абонент тейлеген жана Кыргызстандын дээрлик бардык аймагын кучагына алган Кыргызстандагы үч ири уюлдук байланыш операторунун бирөөсү.

Ernst&Young деген аудитордук-консалтинг компаниясынын баалоосу боюнча, «Мегакомдун» баштапкы баасы 19 млрд сомду (300 млн. АКШ доллары) түзөт. Бирок аукциондун шарттары боюнча, анда баарынан жогорку бааны сунуштаган катышуучу сатып алуучу болуп табылат.