Прайм-тайм учурунда Кыргызстандагы эң популярдуу телеканалда гейлер менен лесбияндарга үй-бүлө куруу укуктарын берүү чакырыктары айтылган күн келди.

Мен «Ой ордо» ток-шоусунун 12-майдагы чыгарылышы ЛГБТ-коомчулугунун союздаштарында да, ошондой эле гомофобдордо да аралаш сезимдерди жаратканын билем.

Колонканын автору: Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер.
Колонканын автору: Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер.

Бирок бул тарыхый чыгарылыш болду. Алгач мен аны көрүп жатканыма ишене алган эмесмин. Сөздүн жакшы маанисинде.

Бир канча убакыт өтөт — мисалы 25 жыл — Кыргызстан бир жыныстуулардын үй-бүлө курууларын легалдаштырат, а гейлер менен лесбияндар өз алдынча болуудан коркпой калышат. Ошондо биз бул чыгарылышты көрүп алып — мына, ЛГБТнын укуктары популярдуу кечки шоудо талкууланган учур деп айтабыз.

Кийинки муундун өкүлдөрү ал чыгарылышты көрүп, көп нерсеге таң калышат. Мен болжол менен 2040-жылдары жашаган кыргызстандыктарды эмнелер таң калтыра тургандыгын санап берем:

Берүүнүн темасынын туюндурмасы

Биздин балдарды (азыр жана мындан кийин да «биздин балдар» дегенде мен жеке гана биздин балдарыбызды эмес, а метаформалык түрдө, жалпы эле кийинки муун тууралуу айтып жаткан болом) кийин Кыргыз коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул чыгарлышына «Талеранттуулукпу же адеп-ахлактуулукпу?» деген кызыктай тема бергендиги таң калтырат.

«Бул эки түшүнүк бири-бирине каршы эмес го?» — деп сурайт кийинки муун.

«Кимдир-бирөөнө өзүңдүн сүйүүңдү арноодон да жогорураак, адеп-ахлактуураак баалуулуктар жок эмеспи?» — деп сурашат азыр бала бакчага барып жаткандар же таптакыр эле жарык дүйнөгө келе электер.

Улгайып калган биз аларга ал кезде журналисттердин өзүлөрү адам укуктарына тиешелүү болгон терминологияны жаңы гана түшүнүп баштагандыктарын жана сабатсыздыгын көп эле жолу көрсөтүп тургандыктарын айтып жооп беребиз. Бирок 2010-жылдардын ортосунда одоно жана эпсиз, бирок ошентсе да бул сыяктуу талкууларды баштоого аракет кылгандыгыбызга баары бир элжирейбиз.

Гомофобдордун караңгылыгы

Менин оюмча, кийинки муунду адамдардын Турсунбай Бакир уулундай, Мавлян Аскарбековдой же микрофонду бергиси келбеген залдагы бакырчаак улутчулдай болуп кантип ушунчалык негизсиз агрессивдүү жана караңгы болуусу мүмкүн экендиги таң калтырат:

«Адамдар чынында эле чет өлкөлүктөр акча төлөгөн үчүн гана гей болуп калуу мүмкүн деп ойлошконбу?» — деп сурайт кийинки муун.

Телеканалдын эфириндеги гомофобдор бүгүн америкалык телеканалда Ку-клукс-клан, а немис телеканалында нацист сүйлөгөндөй эле таң калычтуу сезилет.

Белгилеп кетүү керек, гомофобдор, Ку-клукс-клан жана нацисттердин ортосунда анчалык деле чоң айырмачылык жок. 2040-жылдардагы муун аны бүгүнкүлөргө караганда кыйла жакшы түшүнүшүп, акыл-эси ордунда болгон адамдар кантип агрессия менен зомбулукту колдогон деп таң калышат.  

Кызыгууну ориентация менен байланыштыруу аракети

Бала гей болуп өсүп жатса, анда ал унаалар менен ойнобойт, космонавт болууну кыялдана албайт деген ойду карманган КТРКнын алып баруучусунун кызыктай аналогиясына кийинки муун абдан таң калат.

Алып баруучунун суроосу:

Ал муун балдарды тарбиялоодо псевдогендердик ярлыктар кыйла азыраак болгон чөйрөдө өсүшөт. Алар гей-космонавттар менен гетеросексуал эркек-ашпозчулардын бар экенин жакшы билишет, ошондуктан алар бул аналогиялардын маанисин түшүнүшпөйт.

А биз болсо аларга 2010-жылдардын ортосунда эгер гомосексуал болсо, анда ал сөзсүз түрдө курчак ойношу керек же болбосо көгүш же кызгылт сыяктуу «гендердик» түстөр бар болгон деген сыяктуу шек саноолордун көп болгонун айтабыз.  

Мен аларга өзүмө кызгылт түстөгү бут кийим сатып алганымда же чачымды өстүргөнүмдө баары таң калышкандыгын жана ошолордон улам гана адамдар мени гей деп ойлогондуктары жөнүндө айтып берем.

Гей ата-энелер жөнүндөгү суроолор

Кийинки муун көрүүчүлөр залындагы Диананын суроосуна таң калат.

«Ал эки ата тууралуу сурап жатканда эмнеге мынчалык жинденип жатат? А эмнеге ал аны оң колунун эки манжасы менен салыштырып жатат?» — деп сурашат балдар.

Диананын суроосу:

Ал балдардын көбүнүн ата-энеси бир жыныстагылар болуп калышы мүмкүн. Алар эмне себептен ата-энесинин жыныстык органдарынын комбинациясы алардын жашоосунда кандайдыр бир роль ойношу керектигин тактакыр түшүнүшпөйт.

Биз аларга мурда көп эле акылсыз тыюу салуулар болгонун айтабыз. АКШнын айрым штаттарында түрдүү расадагы адамдар ортосунда үй-бүлө курууга тыюу салынгандыгын (баса, Алабамада ал тыюуну жакында эле жоюшкан), а нацисттик Германияда немис-еврей үй-бүлөсүн элестетүү абдан кыйын болгондугун айтабыз.

XX кылымдын аягында гана дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө гомосексуалдуулук — бул оору эмес жана ата-энелеринин ориентациясы менен алардын гендеринин комбинациялары балдарынын кандай болуп чоңоюшуна байланыштуу эмес деген жыйынтыкка келгендиктери жөнүндө айтып беребиз.

***

Ал эми келечектеги муунду Максимдин, Данияр Айтмандын жана Сумсарбек Мамыралиевдин позициялары таптакыр таң калтырбайт.

Анткени 2040-жылдары адамдын гей, лесбиян же гетеросексуал болуу укуктары айкын жана талашсыз болот. Адамдардын турмуш куруу укуктары да шексиз болот, андыктан үй-бүлө курууда жынысына негизделген кандайдыр бир чектөөлөр жок болот.

Бирок мунун баарын азыр түшүнүшүп алуубузга эмне тоскоолдук болуп жатат?