Коомдук биринчи канал «Ой ордо» берүүсүндө гомосексуалдардын укуктарын коргоо темасын талкуулоо үчүн эфирине ЛГБТнын тарапташтары менен каршылаштарын чакырды.

«Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТнын укуктарына арналган чыгарылышы Коомдук биринчи каналдын (КТР) түз эфиринде 12-май күнү кечинде көрсөтүлдү. Чыгарылыштын темасы «Толеранттуулукпу же руханий баалуулукпу?» деп аталды.

Берүүнүн башкы коногу гей экенин ачык айткан Максим болду. Ал «Ой ордонун» эфиринде өзүнүн сексуалдык ориентациясын кантип түшүнгөндүгү жана күнүмдүк жашоосунда кандай көйгөйлөргө кабыла тургандыгы жөнүндө айтып берди.

«[Басмырлоо учурлары] абдан көп кездешет, өзгөчө жаңы компанияларга кошулганда. Шаарда туулуп-өскөндөрдүн 70 пайызы буга жакшы эле мамиле кылышат. Бирок албетте баарында эле шаардын сыртында жашаган туугандары, достору бар эмеспи. Качан сен ошондой компанияга жолугуп, таанышып, сүйлөшүп баштаганда алар буга агрессивдүү мамиле кылышат», — деди Максим.

ЛГБТ укуктарын коргоочулардын тарапташтары катары берүүгө активист Сумсарбек Мамыралиев менен блоггер жана эл аралык финансист Данияр Айтман катышты.

Айтмандын айтымында, ЛГБТ укуктарынын корголушу жана бир жыныстуулардын баш кошуу мүмкүнчүлүктөрү жарандардын укуктары менен эркиндигин бирдей деңгээлде кепилдеген Кыргызстандын Конституциясы тарабынан камсыз кылынышы керек.

«Эгер биздин Конституцияда бизде денесинин түсүнө, динине, саясий көз караштарына жана башкаларына карабастан эч ким басмырланбашы керек деп жазылып турса, анда эмнеге адамдардын белгилүү бир тобу — гетеросексуалдар — үй-бүлө куруу, үйлөнүү же турмушка чыгуу укуктары менен пайдаланып, гомосексуалдык ориентациядагы адамдар — андай укуктарга ээ эмес? Демек, бул Конституцияны түздөн-түз бузуу болуп калууда, анткени мамлекет алардан турмуш курууга болгон укугун алып алууда», — деди ал.

Берүүнүн толук көчүрмөсү:

ЛГБТ-активист Сумсарбек Мамыралиев гетеросексуалдар менен гомосексуалдардын укуктары Конституция тарабынан бирдей деңгээлде камсыздалбай жатканын айтты.

«Сиз андан ары биз — гетеросексуалдар — өзүбүздүн гетеросексуалдуулугубузду ачык көрсөтүп, жарыялабай элебиз дедиңиз. Бул туура эмес, жарыялаганда да кандай жарыялап жатабыз — үйлөнүү тойлорун өткөрүп, үйлөнүп жатабыз. Макул, алар дагы — гомосексуалдар — булардын баарын унчукпай жасай беришсин. Бирок өткөн жылы [ЛГБТ] кадимки эле семинар өткөрүп жатышса «Кырк Чоронун» өкүлдөрү кирип барышкан да», — деди ал.

«Адеп-ахлак коопсуздугу»

Парламенттин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу ЛГБТ «кыргыз элинин прогрессивдүү салттары» туюндурмасына дал келбестигин билдирди — анын айтымында, мамлекет «коомдук тынчтык менен адеп-ахлак баалуулуктарын сактоо үчүн жарандардын укуктарын чектей алат.

Парламенттин өткөнкү, V чакырылышында Бакир уулу «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы мамиле калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген. Мыйзамдын долбоору парламеттин үч окуусунун экөөсүнөн өткөн.

«[Мыйзам долбоорунда] биз адеп-ахлак коопсуздугу үчүн, өсүп келе жаткан муун Батыш тарабынан таңууланып жаткан ал идеологиялык согушка тартылбасын деген максатта айрым топтордун ишмердүүлүктөрүн чектеп жатабыз», — деди ал.

«Жаңы муун» кыймылынын активисти Мавлян Аскарбеков ЛГБТ укуктары ансыз деле Конституция тарабынан корголуп жатат деп эсептейт. Анын айтымында, учурда «ЛГБТга өзүнчө укуктарды берүү тенденциясы жүрүп жатат».

«Эми мында Данияр Айтман менен Сумсарбек ЛГБТга үй-бүлө куруу укугунун берилиши жөнүндө айтып жатышат. Эми алар ЛГБТ үй-бүлөсүн курууну, аларга бала асырап алуу укугунун берилишин талап кылып башташат. Бул деген кошумча укуктарды берүү. Түшүнүп атасыңарбы, азыр ошондой тенденция жүрүп жатат», — деди ал.

«Сүйгөн ата-эне»

Талкуунун акыркы бөлүгү гомосексуалдуу жуптардын өз балдарына эмнеге ата-энесинин экөөсү тең бир жыныста экендигин кантип түшүндүрө тургандыктарына арналды.

Мамыралиев үй-бүлө — бул сөзсүз эле «апа менен ата» эмес экенин айтты. Анын пикиринде, «эки апа, эки ата, бир апа жана баласы же атасы жана баласы» да үй-бүлө боло алат.

«Эгер балам менден эмнеге ата-энеси бир жыныста деп сураса, мен алардын бирин-бири сүйгөн эки чоң киши экенин айтып жооп берем. […] Бала үчүн жынысына карабастан аны сүйгөн бир адекваттуу ата-энеси болгону абдан маанилүү, ал апасы же атасы болушу мүмкүн», — деди ал.

Бакир уулу эгер «мекендештердин салттуу эмес ориентациясы ачык жарыяланса, анда эртең Кыргызстанда мушташ баштала» тургандыгын айтты.

«Ага чейин жеткирбей мурдагыдай эле жашай берсек дейм. Аларды эч ким аңдып, изине түшпөй эле. Өз үйлөрүндө, батирлеринде алектене беришсин. Бирок бир жыныстуулардын ортосунда үй-бүлө куруунун таңууланып жаткандыгы Кыргыз Республикасында, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тукумдун бузулушуна алып келет», — деди ал.

«Гей-пропаганда тууралуу мыйзам долбоору

ЛГБТ укуктары парламентте «гей-пропаганда» тууралуу мыйзам долбоорунун экинчи окууда кабыл алынгандан кийинки абалынын талкууланды.

«Гейлерге каршы мыйзам» парламенттин биринчи окуусунда 2014-жылдын октябрында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган — анда аны добуш берген 86 депутаттын 79у колдогон. 2015-жылдын июнунда болгон экинчи окуудагы добуш берүүдө 90 депутаттын 88и колдогон.

Мыйзам долбоорунда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы мамиле калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү каралган.

Анда «салттуу эмес мамилелерге» карата жакшы мамиле балдардын арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда жазанын катаалдыгы бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.

Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Мирлан Бакиров ушул жылдын январынын ортосунда гейлер менен лесбияндарга каршы эмес экенин, бирок «гей-пропагандага» каршы экенин билдирген.

«Мен тыюу салуу үчүн, мыйзам үчүнмүн. Мыйзамдын өзүн деталдуу окуган эмесмин, бирок эгер анда одоно мыйзам бузуулар болсо, аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн экинчи окууга кайтарышат. Жогорку Кеңеште көбү мыйзамды колдоп, ал февралдын аягына чейин кабыл алынат деген ойдомун», — деген ал январдын ортосунда, бирок документ парламент тарабынан дагы деле кабыл алына элек.

Сын-пикирлер

Мыйзам долбоору Кыргызстандын ичиндеги, ошондой эле анын сыртындагы укук коргоо органдарынын сын-пикирлерин жараткан. Эл аралык Human Rights First укук коргоо уюму баш катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвалга жазган катында АКШны мыйзамдын кабыл алынбашы үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрүүгө чакырган.

«Президент Обама ЛГБТ укуктарын алдыга жылдырууга тарыхый салым кошконун эске алуу менен биз сизди Кыргызстанда гей-пропагандага каршы мыйзамдын кабыл алынбашы үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырабыз. Кыргызстан дагы деле аймактагы эң ачык жана демократиялуу өлкөлөрдүн бири болуп келет, ошондуктан биз эгер ал мыйзам долбоору кабыл алынса ал сыяктуу процесстердин коңшу өлкөлөрдө башталышына түрткү болот деп өтө тынчсызданып жатабыз», — деп жазышкан алар.

Human Rights First эгер мыйзам кабыл алына турган болсо, анда АКШ «өз кооптонуулары тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге билдирип, аны мыйзам долбооруна вето коюуга чакыруу үчүн бардык болгон дипломатиялык куралдарды пайдаланышы керек» деп эсептейт.

Сексуалдык азчылыктын укуктарын коргоо менен алектенген Кыргызстандагы «ЛАБРИС» уюму өлкөдө болуп жаткан алсыз топтордун укуктары бузулуп жаткан абалга тынчсыздануусун билдирген.

«Кыргызстан светтик өлкө болуп саналат. Биз негизинен кайсыл бир белгисине карап басмырлоосу жок адам укуктарынын сакталышы жазылган тийиштүү номативдик-укуктук актыларга жана өлкөнүн Конституциясына таянышыбыз керек», — деген уюмдун өкүлү.