«Элдик парламенттин» кармалган лидери Бекболот Талгарбеков УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот — мындай баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту белгиледи. 

14-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Элдик парламент» кыймылынын лидери Бекболот Талгарбековго карата баш коргоо чарасын белгилөө боюнча чечим чыгарды — ага ылайык, кармалган саясатчы эки ай, 12-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта болот.

Талгарбековдун жактоочусу Тимур Жанаев «Элдик парламент» президенттин отставкасын талап кылбагандыгын, а «Атамбаевдин эмнеге кетиши керектигин түшүндүргөнүң» билдирди.

«Биз муну [айыптоону] негизсиз деп эсептейбиз. Чечим боюнча даттанабыз. Дүйшөмбү күнү кассациялык арыз беребиз. Иш боюнча эч кандай далилдер жок. Эч нерсе жок», — деди ал.

Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына Талгарбековдун тарапташтары чогулушуп, анын бошотулушун талап кылышууда.

Оппозиционер бийликти күч колдонуп басып алууга даярданган деген шек менен 12-майда кармалган. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, оппозиционерлер «мамлекеттик кызмат адамдарына карата курал колдонууга» даярданышкан.

«Тергөөгө чейин топтолгон материалдарга ылайык, аталган биримдиктин «Б.Т.», «Т.К.» жана башка мүчөлөрү кылмыштуу бүтүмгө келишип, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, ошондой эле андан ары бийликти күч менен басып алуу боюнча мыйзамга каршы  келген аракеттерге багытталган акцияларды өткөрүүгө ниеттенишкен», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

«Элдик парламент» бир канча жолу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетиши керектигин билдирип келген. Ошондой эле уюмдун өкүлдөрү «Занозага» курган маектеринде алардын артында «орусиялык генералдардын» турарын айтышкан.

Ал кармалган күнү оппозиционерлердин сүйлөшүүсү делген аудиожазуулар жарыяланган. Анда алар президентти сынга алышып, 17-майда митинг өткөрүү боюнча пландарды талкуулашкан.

«Дерьмократтар»

Ал ортодо Атамбаев Энелер күнүнө карата өткөн иш-чара маалында «Элдик парламент» кыймылынын кармалган мүчөлөрүн «дерьмократтар» деп атады. Ал өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракеттеринин бардыгын тең «катаалдык менен токтотууну» убадалады.

«[…] Эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы катары, Кыргызстандын президенти катары: «Жетишет! Тажатты!» деп түз айткым келет. Мындан ары өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракеттеринин бардыгы тең катаал жол менен токтотулат», — деди Атамбаев оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрүнө кайрылып.

Ошондой эле Атамбаев өз сөзүндө «Элдик парламентке» «чет өлкөлүк генералдар» колдоо көрсөтүп жатканын айтты — президент аны «мекенге карата чыккынчылык» деп атады.

«Чет өлкөлүк генералдар биздин элге эч качан эч кандай жакшылык алып келген эмес. Биз аны 1916-жылдагы падышалык генералдардын кылган иштеринен жакшы билебиз, анда Кыргызстандын түндүгүндөгү жашоочулардын дээрлик жарымы жок кылынган. Биз чет өлкөлүк атайын кызматтардын биздин 400 жараныбыз каза болгон 2010-жылдын июнундагы иштерин билебиз. Ошондой эле «Ганси» авиабазасынын айланасындагы жана биздин «Манас» аба майданыбыздагы коррупция менен жазасыздык дагы биздин эсибизди», — деди президент.

Оппозиционерлер 17-майда учурдагы бийликке каршы митингге чыгууну пландап жатышкан. Апрелдин аягында Талгарбеков «Элдик парламент» Бишкектеги борбордук аянтка 20 миң киши алып чыгуу ниетинде экенин билдирген.