Май айында жааган нөшөрлүү жамгыр Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүндө табият кырсыктарына алып келди. Кыргыз синоптиктеринин айтымдарында, бүгүнкү күнгө чейин жааган жаан-чачындын көлөмү нормадан эки эсеге көп болду.

Май жылдын эң жаан-чачындуу айы болууга жетишти — 19 күндүн ичинде өлкө боюнча 194 миллиметр жаан-чачын түштү. Айрым жерлерде мөндүр менен коштолгон нөшөрлүү жамгыр селдер менен жер көчкүлөрүн жаралышына себеп болду.

Тема боюнча: Нөшөрлөгөн жаандан улам Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрдү

Кыргызгидрометтин Метеобожомол бөлүмүнүн башкы адиси Уулкан Сүйөркулова Kloop.kgге курган маегинде быйылкы май айында түшкөн жаан-чачындын көлөмү нормадан эки эсеге ашып кетти. Синоптиктин айтымында, гидрометборбор мындай өзгөрүүлөрдү күткөн эмес, аба ырайы «күтүүсүз» болду.

«Мен муну рекорд деп айтпайм, биздин нормадан ашпайт деп божомолдогонубуз менен май айында жаан-чачын нормадан эки эсе көп — 194 миллиметр жаады. Былтыр 62 миллиметр жаан-чачын түшкөн», — деди ал.

Мындай кескин өзгөрүүлөргө Атлантика океанынан келген шамалдар себеп болду, деп эсептейт эколог Эмил Шүкүров. Анын айтымында, бул мезгил-мезгили менен болуп турат жана нөшөрлөгөн жамгырды коркунуч катары кабыл алууга болбойт.

«Биздин аба ырайыбыз Атлантика океанынан жана бир аз Түндүк муз океанынан келген аба массаларына жараша болот. Быйыл жазында нымдуу шамалдар болду, ошондуктан алар (аба массалары) жаан-чачындарга айланды. Анткени бизде бийик тоолор бар, а качан бийик тоолор турганда ал шамалдар бир топ бийиктикке көтөрүлүп, ал жактан нымдуулуктун конденсациясы башталып, алар сууга айланат. Бул салыштырмалуу төмөнкү температураларда болот», — деп билдирди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Эколог климаттык системанын температурасы төмөндөбөгөнүн, а глобалдык жылууга тоскоол болчу механизмдердин жоктугунан улам тескерисинсе, жогорулап жатканын белгиледи. Шүкүровдун божомолдоосу боюнча, жаан-чачындуу жаздан кийин Кыргызстанга кургакчыл жай келиши мүмкүн.

«Жазында жаан-чачындын эки эсе көп түшүшү бизде жылуулук бүтүп, салкын климат болот дегенди түшүндүрбөйт. Жаан-чачындуу жаздан кийин кургакчыл жайдын келиши толук мүмкүн», — деди ал.

Бирок Кыргызгидрометтин адистери жайдын ысык болушун божомолдошпой эле, бирок андай болуу ыктымалдыгын жокко чыгарышпайт.

«Биз бул жылы жайында орточо суткалык температура 21-22 градусту түзөт деп божомолдоп жатабыз. Түнкүсүн температура 9-14төн 16-21ге чейин, а күндүзү 25-30дан 32-37 градуска чейин ысыйт. Бирок бул так божомол эмес, анткени аба ырайы таптакыр башкача болуп кетиши мүмкүн. Мунун баары кеңеш берүү гана, анын дал келүүсү кээ бирде 10 пайызды, айрым учурларда 30 пайызды, а кээ бирде 90 пайызды да түзүшү мүмкүн», — деди  Уулкан Сүйөркулова.

Синоптиктер жакынкы күндөрү начар аба ырайы болбойт деп билдиришүүдө. Адистердин божомолдору боюнча, айрым аймактарда гана анча көп эмес жаан-чачын жаашы мүмкүн.

Сүрөт: Аргументы и Факты