«Компания Багиз» ЖЧКсы Чоң-Алай райондук администрациясынын мамлекеттик сатып алуулары жөнүндөгү макаланы өчүрүү үчүн Kloop.kgге 500 доллар сунуштады. Буга чейин ал компания аталыштарында «коррупциялык латын тамгалары» колдонулган тендерлерде утуп чыккан.
«Компания Багиз» ЖЧКсынын өкүлү Самат Бердибеков Чоң-Алай райондук администрациясынын тендерлери тууралуу макаланы өчүрүү үчүн Kloop.kgнин журналисттерине 500 доллар сунуштады.
«Балким силерге таза ишкердик ык-амал кылып, бир нерсени 500 долларга сатып алам? Сураныч, макаланы алып саласыңарбы. Бул компания өкүлүнөн силерге», — деди ал.
Kloop.kgнин редакциясы ал сунуштан баш тартты — башкы редактор Эльдияр Арыкбаев компания өкүлү менен болгон маегинде маалыматтык портал «андай жол менен таптакыр иштебей турганын» айтып жооп берди.
Буга чейин Kloop.kg тендер аталыштарын жазууда жергиликтүү райондук администрациянын латын тамгаларын колдонгондугун аныктап чыккан. Жарыя аталышында латын тамгасынын пайдаланылышы негизги сөздөрдү жазуу менен мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан тендер жарыяларын издөөнү оорлотот. Райадминистрация тарабынан жарыяланган жети мамлекеттик буйрутманын үчөөсүн сынактын жарыяланарына 15 күн гана калганда катталган «Компания Багиз» ЖЧКсы утуп алган.
Бердибековдун өзү компаниянын тендерде катышуусундагы коррупциялык схемалар менен алдамчылыктардын болуу ыктымалдыгын четке какты. Ал Чоң-Алай райадминистрациясы алардын алдына «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамда каралган иш тажрыйбасы жана товар жеткирүүлөр менен кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылган көлөмү талаптарын койбогондугун кошумчалады.
«Мен мындай болот деп ойлогон да эмесмин, анткени биздин компания мыйзам бузган жок. Бир нерсени так айта алам — анда коррупция жана башка алдамчылыктар болгон эмес. Биз ага катышканбыз, анан тендер комиссиясы дал бизди тандап алды, анткени Чоң-Алайда курулуш менен алектене ала турган компаниялар түштүктө анчалык деле көп эмес», — деди Бердибеков.
Анын айтымында, анча чоң эмес компаниялар кыйла ыңгайлуу шарттар сунушталган тендерлерди издешет жана мамлекеттик сатып алуулар департаментинен талаптарды күчөтпөөнү өтүнүшөт.
«[…] Өкмөт өзү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү керек деп айтып жатпайбы. Биздики сыяктуу компаниялар тапшырык ээлери тарабынан жалданма компанияларга өтө катаал талаптар коюлган тендерлерге дайыма эле катыша алышпайт», — деди ал.
Латын тамгалары «кокустан» жазылып калган
Тендер жарыяларын сайтка жайгаштырган Чоң-Алай администрациясынын башкы эсепчиси Талантбек Эсенбаев Kloop.kgге курган маегинде «бардыгы кокустан болгон болушу мүмкүндүгүн» айтты.
«Тендер жарыясын мен жайгаштыргам, бирок бардыгы орусча жазылган, издөө системасы аркылуу издегенибизде да тендердин аталышы чыгып жаткан. Биз аны кандай жазылышы керек болсо ошондой кылып жазганбыз. Анын эмнеге андай болуп калганын билбейм. Балким биз кокустан жаңылып калгандырбыз», — деди Эсенбаев.
Мамлекеттик сатып атуулар үчүн жооптуу болгон кызматкердин айтымында, тендер жарыялангандан 15 күн гана мурда катталганына карабастан «Компания Багиз» анда мыйзамдуу түрдө утуп чыккан.
«Ал компания бардык талаптарга жооп бергендиктен улам тендерге каташып, анда утуп чыккан. Тендерге андан башка эч ким катышкан эмес, анткени сумма анчалык чоң эмес болгон. Биз ишти токтото алган жокпуз, анткени ал бир канча убакытты алмак, ошондуктан кайрадан сынак жарыялаган жокпуз», — деди ал.
Коррупциялык тобокелдик
Каржы министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Бакыт Сатыбеков тендерлерде латын тамгаларынын пайдаланылышы «коррупциялык тобокелдик» болгону менен аны далилдөө керек деп эсептейт.
«Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында издөө системасы таптакыр жок, жазганда издебейт. Чынында биздин портал ушунчалык «оор» болгондуктан, анда антип куулук кылуу зарылдыгы деле жок. Орусияда ошондой кылышат», — деди Сатыбеков Kloop.kgге курган маегинде.
Экономист Искендер Шаршеев компаниянын квалификациясы менен тажрыйбасынын бар экендиги тендерде жеңишке жетүүнүн башкы шарты болуп эсептелбестигин айтты.
«Көбүнчө тендерде утуп чыккандарда квалификациясын ырастай турган документтери жок болуп чыгат. Бул чоң көйгөй, ал ишканаларды текшерүү мүмкүндүгүн берчү бардык мекемелер ортосунда бириктирилген бирдиктүү электрондук система аркылуу чечилиши мүмкүн. Ар ким өзү каалаган талаптарды коюуга укуктуу, ошондуктан кесепеттери ошого жараша болууда — коррупциялык фильтрлөө ыктымалдыктары бар», — деди ал.
«Прецедент» фирмасынын юристи Замир Жоошев Kloop.kgге курган маегинде тажрыйбасы менен аткарган ишнин көлөмү — компаниянын тендерге катышуусундагы милдеттүү шарт экенин айтты.
«Мамлекеттик орган менен келишим түзүп жаткан уюм үч талапка жооп бериши керек. Ал иш тажрыйбасы, каржы мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги. Ушул үч пункт», — деди ал.
«Коррупциялык латын тамгалары» кандай иштейт?
Чоң-Алай райадминистрациясынын тендерлеринде төмөндөгүдөй иштейт.
Чоң-Алай администрациясы «Cтроительcтвo кoтельной средней школы в селе Чак Чон-Алайского района Ошской области» деген аталыштагы тендер жарыялайт. Анда «строительство» деген сөздү сырткы көрүнүшү кириллицанын «с» тамгасынан айырмаланбаган латындын «с» тамгасы менен алмаштырып жазышкан.
Качан жалданма компаниялар тендер жарыясын «строительство» деген сөздү кириллица тамгалары менен жазып издегенде, мамлекеттик сатып алуулардын сайты Чоң-Алай администрациясынын жогорудагы тендерин көрсөтпөйт.
Бул мамлекеттик органдар мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы тендерлердин аталыштарын жазууда латын тамгаларын пайдаланган алгачкы учур эмес. Буга чейин Билим берүү министрлиги китептерди сатып алууга жарыяланган 167 млн. сомдук тендердин аталышын көрсөтүүдө латын тамгаларын пайдаланган.