Исфанада өрттөн улам дээрлик толугу менен күйүп кеткен борбордук «Лейлек» базары акырындык менен калыбына келтириле баштады. Курулушка акчасы жок айрым соодагерлер соодасын базар сыртында улантып жатышат.

Базар аянтынын 70 пайызы күйүп кеткен Исфананын «Лейлек» базарындагы масштабдуу өрттөн кийин соодагерлер анда оңдоо иштерин башташты.

01

Контейнерлер менен күркөлөрдүн ээлери жумуш орундарын өзүлөрү калыбына келтирип жатышат, андыктан алардын көбү акча издөө менен алек.

02

Исфана шаарынын Транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы Устажан Наврузов базар жеке менчик болгондуктан жергиликтүү бийлик аны калыбына келтирүүдө соодагерлерге жардам бербей тургандыгын айтты.

03

04

Өрттөн улам ишкер Замирбек Абдысаматов эки миллион сомдон ашык чыгымга учураган. Ал базарда он жылдан бери велосипед тетиктерин сатып келген, бирок ордун калыбына келтирүү үчүн акча таба албагандыктан азыр базар сыртында соода кылууга мажбур.

«Базардагы ордумду калыбына келтирүү үчүн 400 миң сомго жакын акча керек, андан сырткары керектүү документтерди даярдоо зарыл. А менде анын баарын кылууга мүмкүнчүлүк жок, акчам да жетпейт», — дейт ал.

05

06

«Лейлектин» дагы бир соодагери Кадыр Орозбаев үч миллион сомдон ашык чыгым тарткан. Жаңы соода ордун куруу үчүн ага алты миллион сомго жакын каражат керек.

Исфананын борбордук базарындагы өрт 20-майда болгон. Анда 53 дүкөн, 2 жабык соода жайы жана 15 ашкана күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери дагы деле белгисиз, Исфана шаарынын мэриясынан тергөө уланып жатканын айтышты.

Автор: Данияр Бахридинов