АКШда өз алдынча башкаруудагы Tesla Model S автоунаасында кырсыкка учураган айдоочунун каза болушу боюнча тергөө иштери башталды. Бул автопилот унааларынын тарыхындагы адам өмүрүн алып кеткен алгачкы учур.

7-майда Флоридада айдоочу Жошуа Браун өзүнүн Tesla Model S электрокары менен кырсыкка учурап, дароо ошол жерде каза болгон.

Браундун «Тесласы» жүк унаасынын чиркемесине урунган, жүк унаасынын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес. Кырсык болгон маалда электрокар автопилот режиминде болгон.

Браун жүк унаасы солго кайрылып жаткан маалда шоссе менен бара жаткан. Браундун өзү дагы, автопилот дагы күндүзгү асмандын фону менен айкалышкан жүк унаасынын ак чиркемесин байкабай калышкан. Teslaдан билдиришкендей, автопилот чиркемени жол белгиси менен алмаштырып алган — унаа андай белгилердин алдында токтобогудай программаланган.

Аварияны көрсөткөн диаграмма. Схемадагы V02 – Жошуанын Teslaсы, V01 – чиркемеси менен жүк унаасы.
Аварияны көрсөткөн диаграмма. Схемадагы V02 – Жошуанын Teslaсы, V01 – чиркемеси менен жүк унаасы.

Алгач ал кырсык менен штаттын кайгуул башкармалыгы алектенип баштаган, бирок өткөн аптанын соңунда федералдык бийлик (тагыраагы – Жолдордогу кыймылдын коопсуздугу боюнча улуттук башкармалык) жеке иликтөөсүн баштаганы белгилүү болду. Текшерүү максатында Teslaнын 25 миң автоунаасы кароодон өткөрүлөт. Ошол эле маалда Tesla компаниясы ал кырсык боюнча түшүндүрмө берген пресс-релизин чыгарды.

Компания өзүнөн жоопкерчиликти алып, автопилот толугу менен автономдуу эмес экенин билдирди. Учурда Teslaнын өз алдынча кыймыл режиминдеги унаалары айдоочунун колдорунун рулда болуусун талап кылат. Эгер айдоочу андан колдорун алса унаа үн менен эскертүү берип, ылдамдыгын акырындадып баштайт.

Ошондой эле Tesla өз пресс-релизинде бул компаниянын автопилот режиминдеги унааларынын 130 миллион миль аралыкты басып өткөндөгү алгачкы адам өлүмүнө алып келген учур экенин баса белгилеген. Бул көрсөткүч АКШдагы кадимки унаалар арасындагы адам өмүрү кыйылган учурлардын санынан (94 миллион милде бир учур) дээрлик бир жарым эсе мыкты көрсөткүч.

Жошуа Браун согуш ардагери жана өз алдынча башкаруудагы унаалардын күйөрманы болгон. Ал YouTube сервисине видеолорду жүктөп, Tesla Model Sтин автопилотунун функцияларын демонстрация кылып келген. Андай видеолордун биринде ал унаа аны кырсыктан куткарып калганын билдирген.

Браундун «автопилот [Tesla] Model Sти куткарып калган» видеолорунун бири

Өз алдынча башкаруудагы унаалардын келечеги

Бул учур Tesla үчүн компаниянын унааларын толук автопилотко өткөрүү багытындагы кезектеги кыйынчылык болуп калды. Азыркы учурда Teslaнын автопилоту бета-тестирлөө баскычында, бирок компания аны алдыга жылдырып өнүктүрүү менен активдүү алектенип жатат. The New York Times белгилегендей, Tesla автопилотту колдогон унаалар түрүн кыйла кымбатыраак үлгүлөрү менен кеңейтүү ниетинде. Алсак, жакында эле коомчулукка тааныштырылган баасы 35 миң АКШ долларынан башталган Tesla Model 3 электрокары менен.

Башка компаниялар да автопилоттогу унааларды иштеп чыгуу менен алек — мисалы, Google менен BMW. Биринчиси өз долбоорунун үстүнөн көптөн бери иштеп келет: план боюнча, Google Self-Driving Carдын рулу менен педалы жок болот. Корпорация Калифорния жана Невада штаттарында айдоочусуз унааларга уруксат бере турган мыйзамдын кабыл алынышын лоббирледи. «Гугломобилдерди» сериялык өндүрүп баштоо 2020-жылга белгиленген.

BMW өткөн дем алыш күндөрү (АКШ бийлиги тарабынан Браундун каза болгондугу боюнча тергөө иштери баштагандан көп өтпөй) өзүнүн автопилоттогу жеке унаасын иштеп чыгуу плардары жөнүндө билдирди. Ал үчүн немис концерни Intel жана Mobileye компаниялары менен кооперацияга биригет. BMWнын айдоочусуз автоунаасынын чыгуусу 2021-жылга белгиленген.