Алмазбек Атамбаев автордук ырларынан турган альбом даярдоодо. Он ырды камтыган дискти 17-сентябрга карата чыгаруу пландалууда — ал күнү президент 60 жашка толот.

Президент Атамбаевдин өзүнүн 60 жылдыгына карата музыкалык альбом чыгаруу пландары жөнүндө президенттин аппаратынын басма сөз кызматы 7-июлда билдирди.

Анын маалыматтары боюнча, президент компакт-дискке он автордук ырын жаздырып, аларды туугандары менен жакындарына белек кылат.

2016-жылдын июнунда президент орус тилиндеги беш автордук ырын жаздырган. Алар Атамбаевдин кеңсесинде жаздырылып, болжол менен президенттин бир саатка жакын убактысын алган. Ошондой эле августтагы эмгек өргүүсү маалында өлкө башчысы кыргыз тилинде дагы беш ырын жаздырууну пландап жатат. Ырларды жаздыруу менен кыргыз үн режиссеру Эрнист Үмөталив алектенүүдө.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүнө ылайык, президенттин досу жана кинорежиссер Фуркат Турсунов ырларга эски советтик тасмалардын кадрларынан клип жасап берүүнү чечкен.

Ырларынын бирине кыргыз эстрада аткаруучулары менен иштеп келген клипмейкер Мирлан Саткымбаев клип тартып берет.

«Атамбаев 2017-жылы жаңы президент шайлангандан кийин кандайдыр бир мамлекеттик кызматтарда калуу ниети жок экенин бир канча жолу белгилегенин эске салып кеткибиз келүүдө. 2017-жылдагы шайлоодон кийин президент чыгармачылык менен алектенүүнү пландап жатат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Июлдун башында интернетте Атамбаевдин «Судьбе на зло» деген ырына жасалган видеотасма пайда болгон. Эки күндүн ичинде аны 50 миңден ашык жолу көрүшкөн. Анда президенттин аппаратынын кызматкерлери «Спутник» маалымат агенттигине Атамбаев ырдын обону менен сөзүн өзү жазганын, ошондой эле гитарда өзү ойноп ырдаганын билдиришкен.

Ал тасмада президент бул анын алгачкы автордук ырларынын бири экенин айтат.

«[…] Ал менин жашоомдо ураан сыяктуу болду. Бул ыр мага жашоомдо кандай гана кыйынчылыктар болбосун жеңип чыгууга жардам берген», — деген Атамбаев.

Президенттин экинчи ыры Youtube сервисинде 6-июлда пайда болду. «Я не могу без тебя жить» деген аталыштагы чыгармасы өлкө башчысы студенттик ансамблде ойноп жүргөн кезде жазылган.

Президенттин кызы Алия Шагиева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу атасын автордук ырларынын чыгышы менен куттуктады.

«Анын көңүлүнө жаккан, нервдерди айыктыра турган жана жашоого убакыт кошкон жылмаюларды жараткан иш менен алектенип жатканын көргөнүмө кубанычтамын. Мен аны дайыма чыгармачыл адам катары кабыл алчумун жана бекеринен эмес — ал жаш кезинде эле ырларды жазып, обон чыгарып, ал эмес сүрөт дагы тартчу!» — деп жазды ал.