Президент Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы «Судьбе назло» ыры Youtube сервисине 2-июлда жарыяланган. Эки сутканын ичинде аны 50 миңден ашык жолу көрүшкөн.

Президент Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы «Судьбе назло» ырын «Ордо» продакшн-студиясы 2-июлда жарыялады. Өлкө башчысы сөзү менен обону өзүнө таандык болгон ырды аткарган тасма бир күндүн ичинде эле 53 469 жолу көрүлгөн.  

Президенттин аппаратынын кызматкерлери «Спутник» маалымат агенттигине обону менен сөзүн Атамбаевдин өзү жазганын, ошондой эле гитараны өзү чертип, өзү ырдаганын билдиришкен.

Тасмада президент бул анын алгачкы автордук ырларынын бири экенин айтат.

«[…] Ал менин жашоомдо ураан сыяктуу болду. Бул ыр мага жашоомдо кандай гана кыйынчылыктар болбосун жеңип чыгууга жардам берген», — дейт Атамбаев.

«Ордо» продакшн-студиясынын режиссеру Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегине ырды Атамбаевдин өзү ырдаганын ырастады. Анын айтымында, мурдараак президенттин аппаратынын кызматкерлери ырды жаздыруу үчүн студиянын жумушчуларына кайрылышкан.

Видео: Азат Рузиев