Бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулунун алдамчылык үчүн АКШнын Алабама штатындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан өнөктөшү Евгений Гуревич Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн коррупциялык схемалары жөнүндө китеп жазып жатат. Бул тууралуу америкалык Bloomberg басылмасы билдирүүдө.

Америкалык Bloomberg News басылмасынын кабарчысы Кристи Смайт мурдагы кыргыз президенти Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жакын адамдарынын бири Евгений Гуревич күн сайын абактын китепканасында болуп жатканын жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, ал Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан жасалган коррупциялык схемалар менен мамлекеттик бюджеттин уурдалышын ачыкка чыгара турган «Көмүскө кеңешчи» деген китеп жазып жатат.

Гуревич Bloombergдин кабарчысы менен болгон маегинде Кыргызстандын «бардык жериндеги талоончулуктар» менен «корпоративдик пара талап кылуулардын» катышуучусу жана күбөсү болгонун билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстанда иштөө укугуна ээ болууну каалаган компаниялар Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге дайыма акча берип турушкан.

Ал басылмага андай учурлардын бири жөнүндө айтып берген. Анын билдирүүсү боюнча, бир жолу Максим Бакиев ага телефон чалып, компаниянын кеңсесинен 2 млн. доллар өлчөмүндөгү параны ала келүүсүн өтүнгөн.

«Мен кеңсеге өз иштерим менен бара жаткам, анан Максим келатып 2 млн доллар өлчөмүндөгү акчалай түрүндөгү параны ала келүүмдү өтүнгөн», — деген ал.

Гуревич Bloomberg Newsка анын китебинин аркасы менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдер Кыргызстанга кайтарылып берилээрине үмүттөнө тургандыгын жана өз жардамынын бааланышын каалап жатканын айткан.

Азырынча Гуревичтин ал китебинин качан басылып чыгарыла тургандыгы белгисиз.

Бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдардын бири Евгений Гуревич АКШнын Алабама штатындагы абакта беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Сот аны 2012-жылы алдамчылыкка айыптаган. Гуревич «Фэйсбук» компаниясына салам деп убадалап, Максим Бакиевдин акчасын уурдап алгандыгы кабарланып жаткан.

Ал ошондой эле Италиянын бийлиги тарабынан италиялык «Телеком Италия» жана «Фаствеб» компанияларынан 2,7 миллиард долларды «чыгарып кеткен» деп айыпталган.

Евгений Гуревич 2008-жылы Нью-Йоркто эл аралык бизнес-консультант болуп иштеп, Максим Бакиев менен биргеликте кыргыз инвестициялык банкын негиздеген. Ошондой эле ал президенттик үй-бүлөнүн башкы каржы кеңешчиси болгон.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Гуревич менен Бакиевдер мамлекеттик бюджеттен акча уурдаган деп соттолушкан. Максим Бакиев жеке учагы менен Гуревичтин Белоруссияга учуп кетүүсүнө уруксат берген.

Максим Бакиевдин өзүн Биринчи май райондук соту кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана пара талап кылууга күнөөлүү деп тапкан. 2016-жылдын апрелинде ага карата 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Мурдагы президенттин уулу 2007-жылы рейдерлик жол менен «БиМоКом» компаниясына ээлик кылып, эки жылдан соң Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү фондун башкарууга өтүп, ал аркылуу кол алдындагы банктарга акча салып тургандыгы менен белгилүү. Ал ошондой эл Лондон соту тарабынан ишкер Шон Дейлини өлтүрүү үчүн уурдаган деп айыпталууда.

Сүрөт: Reuters