Атамбаев талаш жараткан жарнактарды Кыргызстандын бардык аймактарына илүүнү тапшырды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 14-июлдагы маалымат жыйынында паранжа жана салттуу кыргыз кийимдерин кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү түшүрүлгөн жарнактарды Кыргызстандын бардык аймактарына илүү ишин «каржылоону» тапшырды. Бишкектин борбордук көчөлөрүнө илинген жарнак такталары дин өкүлдөрүнүн нааразычылыктарын жараткан.

Президент Алмазбек Атамбаев Ангела Меркель менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында бир бөлүгүндө кыргыздын салтуу кийимдерин, экинчи бөлүгүндө паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү жайгаштырылып, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген сөздөр менен коштолгон жарнак такталарынын Бишкектин борборуна орнотулушун жактарды.

«Мен бүгүн президенттин аппарат жетекчисине андай такталардын Кыргызстандын бардык аймактарында илиниши үчүн аларга каражат жагынан жардам берүүнү тапшырдым. Бул исламизация эмес, келгиле араб, пакистан, бангладеш жана башка үчүнчү маданиятты кыргыздыкы менен адаштырбайлы»», — деди президент 14-июлдагы маалымат жыйынында.

Президент мамлекет динге тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай келген жана «кыргыз маданиятын сактап калуу» үчүн азыр жарнак такталары керек деп эсептейт.

«Анда эч кимдин жаман айткан жери жок. Болгону эки сүрөт жана «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген гана суроо турат. Биздин өзүбүздүн кийимибиз бар. […] Биздин ата-бабалар, биздин эл миңдеген жылдар бою өз маданиятын, тилин сактап келишкен, динди жамынып алып бизге чоочун маданиятты таңуулоонун кереги жок», — деди ал.

Андан соң өлкө башчысы Кыргызстан светтик өлкө экенин жана коомдо дин тутуу эркиндиги бар экенин кошумчалады.

«Ачык далил — түндө жарнак такталарынын бирин жулуп кетишиптир, анткени аларды жулуп кеткендер башка пикирлерди жактырышпайт. Мына, ушундан башталат. Чоочун кийимден, чоочун тилден башталат, анан адамдардын башын алып башташат […] Бизде динге ишенүүгө тыюу салынбайт, ар ким каалаган нерсесине ишене алат. Эч ким башкаларга өз пикирин таңуулай албайт. Жалпы адамзаттык баалуулуктар бар. Биз — светтик өлкөбүз», ‒ деди президент.

banner

Continent жарнама агенттигинин адиси Елена Земскова Kloop.kgге курган маегинде паранжа кийген кыз-келиндер түшүрүлгөн жарнактарды агенттикке таандык болгон такталарга да илүүнү каалагандыктарын, бирок жетекчилиги ага «уруксат бербей» койгонун билдирди.

«Совет көчөсүндө эки такта бар: бирөөсү — биздики, экинчиси — Аdver Groupка таандык. Анан биздикине да жарнактарды жайгаштырууга аракет кылышты, Правда көчөсүндөгү тактабызга да, бирок биздин жетекчилик ага жол берген эмес. Кечээ Adver Group жарнакты алып, башкасына алмаштырды. Мындай эскертүүсүз эле, өзүмбилемдик менен илип койгон учурлар көп болот, анан биз барып аларды кайра алабыз. Биздин өлкөдө баары болушу мүмкүн: сүрөттөрдү уурдашат, башкасын илип салышат. Биз аларга көз салып турууга аракет кылабыз. Бизге эскертип да коюшкан эмес. А ал мыйзамсыз, алар абдан шашып жатышкан көрүнөт, анан да ал кандайдыр бир мамлекеттик буйруктай сезилди»,‒ деди ал.

Сырткы көрнөк-жарнактарды илүү менен алектенген Adver Group агенттигинен шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылуу керектигибизди айтышып, бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү жарнама боюнча адистер жумушчу ордуларында жок экенин айтышып, жарнактардын жайгаштырылышы боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Кыргыз кыз-келиндеринин улуттук кийимдерди жана паранжа кийген сүрөттөрү көрсөтүлгөн жарнактар Бишкекте 12-июлдан 13-июлга караган түнү пайда болгон. Теолог Кадыр Маликов алардын мазмунун сынга алып, укук коргоо органдарын ал жарнактарда дин аралык кастыкты козутуунун бар-жоктугун текшерип чыгууга чакырган.

Тема боюнча: Мэрия: Паранжачан кыз-келиндердин сүрөтү тартылган такталарды илүүгө «Кыргызстандын патриоттору» фонду буйрутма берген

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген чакырыктары менен жарнактарды чагымчыл деп атады. Муфтияттын басма сөз кызматынын өкүлү «Азаттык» радиосуна жарнактар «элдин биримдигин буза турганын» билдирген.

Улуттук коопсудук боюнча мамлекеттик комитет ЖМКлардагы маалыматтардын негизинде текшерүү иштерин баштады. Бирок азырынча текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар берилбей эле.