19-июлда Санэпидкөзөмөл департаменти түнкүсүн азан айтууда мечиттерде үн күчөткүчтөрдү пайдаланууга тыюу салган. Бирок Kloop.kgге белгилүү болгондой, азырынча ал тыюуну бузгандардын кантип жазалана тургандыгы белгисиз.

Санэпидкөзөмөл департаментинин өкүлү Данияр Сатаров Kloop.kgге түнкү жана таңкы азан айтууда бардык эле мечиттер үн күчөткүчтөрдөн баш тартпаганын билдирди.

Эки күн мурда санэпидкөзөмөл департаменти шаардыктардын даттанууларына байланыштуу кечки саат 11ден таңкы 6га чейин азан айтууда мечиттердин үн күчөткүчтөрдү пайдалануусуна тыюу салганбишкектиктер азан айтуу уктоого жана балдарды уктатууга тоскоолдук кылып жатканын айтышкан.

Сатаровдун айтымында, азырынча тыюуну бузгандарга жана Санэпидкөзөмөлдүн жазма буйругун аткарбагандарга карата эч кандай жазалоо чарасы жок. Бирок ал тыюуну бузгандарга чаралар көрүлө турганын белгиледи.

«Биз бир жума Бишкектин жашоочуларынан келип түшкөн даттанууларга мониторинг жүргүзөбүз. Ал эмес бизге телефон чалып кайрылган адамдардын даректерин да жазып алып жатабыз, андайлар көп. Мечиттердин бардыгы эле үн күчөткүчтөрдү колдонуусун улантпай эле да. А андан кийин жазма буйрукту аткарбоо боюнча чаралар көрүлөт. Мекемеге кандай жаза белгиленип же канча өлчөмдө айып салына тургандыгын чогулушта жетекчилик чечет», — деди ал.

Юрист Динара Муканбаева Kloop.kgге курган маегинде Санэпидкөзөмөл департаменти тыюуну бузгандарды жазалай албай турганын, анткени андай ыйгарым укуктарга ээ эмес экенин билдирди. Анын айтымында, жазма буйруктун аткарылышына прокуратура көз салат, а эгер андай учур катталса жазалоо чечимин сот чыгарат.

«Санэпидкөзөмөл жазма буйрук чыгаргандан кийин анын бир көчүрмөсүн прокуратуранын жалпы көзөмөл бөлүмүнө жөнөтөт, анда ал көзөмөлдө болот. Жазма буйрук аткарылбаган учурда административдик жоопко тартуу үчүн иш сотко жөнөтүлөт. Анан албетте сот айып салуу чечимин чыгарат, ошондой эле ал жазма буйрукка өз өзгөртүүсүн киргизиши мүмкүн», — деди ал.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Эдил Эралиев тескерисинче, Санэпидкөзөмөл департаменти тыюуну бузгандарды жазалай алат деп эсептейт. Ал Kloop.kgге курган маегинде департамент айып пул жазып берүүгө милдеттүү экенин айтты.

«Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске, тагыраагы анын 514-беренесине ылайык, Санэпидкөзөмөл департаментинин директору административдик жаза белгилөөгө укуктуу. Эгер мечиттер азандын үнүн акырындатпаса (жазма буйрукту бузса), анда санэпидкөзөмөл айып пул салуу жөнүндөгү токтом чыгарууга толук укуктуу. […] Эгер жазма буйрукту ошолор чыгарса жана ал аткарылбай жатса, анда жаза чарасы көрүлөт», — деди Эралиев.