Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитет менен Ички иштер министрлигинин башчыларына прокурор Эркин Курманалиевге кол салууну уюштурган кылмышкерлерди табууну тапшырды. Коррупцияны иликтеген Курманалиев өз унаасынын жарылуусунан кийин колунан ажырап, учурда реанимацияда жатат.

Прокурор Эркин Курманалиев жараат алып, колунан ажыраган 29-июль күнү Орто-Сай айылында болгон автоунаа жарылуусунан кийин президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарын ишти тыкыр иликтөөгө алууга чакырды.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаев менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башчысы Кашкар Жунушалиевге кол салууну уюштурган кылмышкерлерди табууну тапшырды.

Өлкө башчысы ошондой эле Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны ишти өзгөчө көзөмөлгө алууга милдеттендирди.

Орто-Сай айылындагы көп кабаттуу үйдүн унаа токтотуу жайындагы жарылуу 29-июль күнү эртең менен болгон — прокуратура кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасынын үстүндөгү жарылуучу зат орнотулган кутуча жарылган.

Прокурордун туугандары Курманалиев Башкы прокуратурадагы кызматтык териштирүүлөр менен алектенгендиктен, кол салуу анын кесиптештери тарабынан уюштурулган болушу ыктымалдыгын жокко чыгарышпай эле.

Жарылуудан прокурордун колунун манжалары жулунуп, сол көзү зыянга учураган. Учурда Курманалиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда.

Курманалиевге операция жасаган хирург жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков анын абалын оор деп баалап, прокурордун төш клеткаларында башка заттардын көптөгөн майда сыныктар табылганын айтты.

Жарылуу «Укук коргоо органдарынын кызматкери менен аскер кызматкерине өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна себеп болду.

Автор: Сезим Каныбекова