30-июлга караган түнү Боом капчыгайында таш кулап, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бара жаткан унаанын үстүнө түшкөн. Анын жыйынтыгында бир киши каза болду.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө (143-чакырымында) таш 30-июлга караган түнү кулаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эльмира Шерипова Kloop.kgге тоодон кулаган таш жол аркылуу өтүп бара жаткан «Хонда степ» үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, унаанын ичинде 11 киши бар болгон.

Анын жыйынтыгында унаанын бир жүргүнчүсү каза болуп, айдоочусу жаракат алган. Андагы калган жүргүнчүлөр жакынкы медициналык жайга жеткирилишкен.

«Окуя түн ичинде болгон, бизге билдирүү келип түшөрү менен куткаруучуларыбыз чыгып кетишкен. Бир киши каза болуп, айдоочусу жаракат алган. Калган тогуз киши катуу жараат алышкан эмес. Азырынча таштын кулашынын себептери белгисиз», — деди Шерипова.

Азыр айдоочулар жол аркылуу эч тоскоолдуксуз өтө беришсе болот — ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя болгон жерге барган жол кызматынын жумушчулары ал жерди таштардан тазалашкан.

Бул Боом капчыгайында болгон алгачкы кырсык эмес — 2016-жылдын июнунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 130-чакырымына таштар кулап, андан улам узак унаа тыгыны жаралган.

Июлдун башында Боом капчыгайына баткак аралаш суу каптап, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун бир тилкесин тосуп калган. Анда жолду тазалоо үчүн ӨКМ 20 жумушчу жана алты тазалоо техникасын пайдаланган.

Сүрөт иллюстрацияланган