1-июлда жааган нөшөрлүү жаан Боом капчыгайында баткак аралаш суу агымын жаратып, ал Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун бир тилкесин тосуп калды. ӨКМ ал жерге адистер менен тазалоо техникаларын жөнөттү.

Боом капчыгайындагы баткак аралаш суу агымы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун бир тилкесин тосуп калды, ошондуктан автоунаа айдоочулары экинчи гана тилке менен жүрүүгө аргасыз болуп жатышат.

Капчыгайда турган маршруттук такси айдоочусу Алмазбек Асыгалиев Kloop.kgге баткактуу суу агымы болжол менен саат 13төрдө түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, үч сааттын ичинде анын бийиктиги 30-40 сантиметрге жеткен.

«Жол начар абалда. Унаа тыгыны пайда болду, анын айынан айдоочулар карама-каршы тилкеге чыгып айдап жатышат. Суу дөңгөлөктөргө жетип калды. Мен Боом капчыгайынан өтүп бара жатканда ӨКМдин кызматкерлерин көргөн эмесмин, азыр барып калышкан чыгаар», — деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан табигат кырсыгы болгон жерге 20 адис жөнөтүлгөнүн жана учурда анда жолду тазалоочу алты даана техника иштеп жатканын билдиришти.

«Ал сел агымдары эмес, сел шилендилери да эмес. […] Жолдун бир тилкеси тазаланууда, автоунаалар экинчиси аркылуу жүрүп жатышат. Ошондой эле транспорт каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө үчүн ал жерле Кайгуул милициясынын кызматкерлери да бар», — деп билдиришти мекемеден.

Авторлор: Алмаз Эшбаев, Сайёдбек Нусратуллаев