Климаттык аномалиялар менен акчанын жоктугу — Kloop.kgнин кабарчысы эмне себептен Боом капчыгайында таштардын кулап жаткандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү менен маектешти.

Акыркы эки айдын ичинде Боом капчыгайында үч жолу таш кулады. Алардын акыркысынан бир киши каза болду. Ага чейинки эки жолку таштын кулашында курмандыктар болгон эмес, бирок жолду зыянга учуратып, узакка созулган унаа тыгындарынын жаралышына себеп болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аман Сарногоев таштардын кулашына «климаттык аномалиялар» себеп болуп жатканын билдирди. Ал таштардын кулашынын алдын алууга болорун, бирок ал үчүн каржылоо керектигин айтууда.

Толук маек

Алып баруучу: Саламатсыңарбы, урматтуу көрүүчүлөр. Мен — Айзирек Алмазбекова, силер ЭлЭмнеДейт берүүсүн көрүп жатасыңар.

30-июлга караган түнү Боом капчыгайындагы таштын кулашынан бир киши каза болду. Эмнеге таштар кулап жатат жана ал сыяктуу кооптуу учурлардын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Бул маселеде бизге ӨКМдин алдындагы Мониторинг департаменти бөлүмүнүн башчысы Аман Сарногоев жардам берет.

Саламатсызбы, келгениңиз үчүн чоң рахмат. Биздин алгачкы сурообуз жоопкерчиликке байланыштуу болот. Адам өлүмүнө алып келген учурлар болгондо ал үчүн жоопкерчиликти ким алышы керек?

Аман Сарногоев: Биз эмне болбосун дайыма жооптууларды издеп, конкреттүү жооптууларды тапканга көнүп калганбыз: айрым учурларда жебени тейлөөчү адамды (стрелочник), а кээ бирде жебени тейлеген адамдарды.

Жолду кеңейтип жатканда сексен метр бийиктикке чейинки аскалуу чоң массив талап кылышкан жана анда жээк жасоо толугу менен аткарылган эмес, анткени мурда Транспорт министрлиги жээк жасоодо чоң түзүмдөргө, чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болчу, бирок аларда каржылоо азайган окшойт. Азыр жээк жасоо иштерин аткарып жаткан мекеме — бул «Кыргыз темир жолу».

Алып баруучу: Демек, сиз көйгөй каржылоодо деп эсептейсизби?

Аман Сарногоев: Мен көйгөй дал каржылоо менен климаттык аномалияда деп эсептейм.

Алып баруучу: Балким башка жолдору бардыр? Таштардын кулашына мүмкүндүк бербеген тосмолорду куруп коюууга болобу?

Аман Сарногоев: Жолду кеңейткенде Боом капчыгайындагы тосмолор жолдун дээрлик ортосунда турушу керек болуп калган. Анан албетте, аларды алышты. Бизде алынбагандары боюнча да сын пикирлерибиз бар, алар да кооптуу абалда. Биз буга байланыштуу Транспорт министрлигине жазма буйрук жана эскертүү бердик. Калдыктары калган ал тосмолор менен бир нерсе кылуу керек: же алыш керек же бекемдөө керек. Беш тонналык салмактагы таш кулаганда эки метр калыңдыктагы тосмону да тешип өтүп кетет.

Алып баруучу: Демек эч нерсе кылууга болбойбу?

Аман Сарногоев: Төбөсү жабылган галереядан башка ишенимдүү тосмо жок, бирок төбөсү жабык галерея деген эмне? Ал миллиардаган сомдор.

Алып баруучу: Келип берүүбүзгө катышып бергениңиз үчүн чоң рахмат. Ушуну менен биз ток-шоубузду аяктайбыз. Рахмат, көрүшкөнчө.