Президент Алмазбек Атамбаевге 2 млн сом өлчөмүндө айып пул төлөбөгөн журналист Дайырбек Орунбековго кылмыш иши козголду. Мурдараак сот журналисттин «Маалымат» сайтын тосмологон.

3-августта журналист жана оппозициялык «Маалымат» сайтынын ээси Дайырбек Орунбеков «Фэйсбуктагы» баракчасына Свердлов райондук ИИБси ага каршы кышмыш ишин козгогонун жазды.

Кылмыш ишинин козголушуна президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулгандан кийин анын 2 млн өлчөмүндө айып пул төлөп бербегендиги жана эл алдында ачык кечирим сурабагандыгы себеп болгон.

Кылмыш иши Кылмыш кодексинин 338-беренеси — «Соттун өкүмүн, соттун же башка соттук акттын чечимин аткарбоо» боюнча козголду.

Орунбековдун өзү андай мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан улам Атамбаевге айып пул төлөп бербей жатканын жазды. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебестигин жана бийликтин аракетин «сөз эркиндигине басым жасоо» жана ЖМК өкүлдөрүн «куугунтуктоо» катары баалап жатканын кошумчалады.

«Мен атайын сот чечимин аткаруудан баш тарткан жокмун, 2 000 000 сомду тез арада тѳлѳп берүүгѳ шартым жок. Ал тургай Атамбаев Алмазга каражат да берип баштагам, мыйзамды сыйлап. Жакында, мага караштуу “Маалымат.KG” сайтымды да сот аткаруучулар Атамбаевдин пайдасына тартып алышкан. Ошондо мен Атамбаевдин үйүнүн алдына барып алып кечирип кой деп кыйкырышым керек бекен?!» — деп жазды ал.

Орунбеков менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы келишпестиктер журналист макалаларынын биринде 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыштар үчүн жоопкерчиликти өлкө башчысы менен дагы бир катар саясатчыларга жүктөгөндөн кийин башталган.

Башкы прокуратура ал үчүн Орунбековду сотко берип, ал өлкө башчысынын «ар-намысы менен кадыр баркын кемсинткендиги» үчүн Атамбаевге эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Журналист соттун чечими менен макул болбой, президентке анча акча төлөп бере албастыгын айткан. Ал айыпты төлөп берүү үчүн ар бир кишиден бир сомдон акча чогулта баштаган.

Орунбеков 2015-жылдын декабрында Атамбаевдин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айткандары боюнча өлкө башчысын сотко берген. Ал жыйында президент журналистти «кимдир бирөөнөн алган акчасын акташ үчүн иштеп жатат» деп айыптаган.

Июлдун ортосунда Аламүдүн райондук соту Орунбековго таандык оппозициялык «Маалымат» сайтын тосмологон.

Анда Орунбековдун тарапташы, оппозициялык саясатчы Адил Турдукулов Kloop.kgге соттун чечими Орунбековдон компенсацияны өндүрүп берүүгө эмес, а сайтты жабууга багытталган деп эсептей турганын айткан. Ал бийлик мындай жол менен «оппозициялык ЖМКларды кысууга» аракет кылып жатат деген пикирин билдирген.

«Бул көз карандысыз ЖМКларды, эркин саясатчыларды кысуу боюнча көптөн бери уланып келе жаткан системалуу иш, бул анын баскычтарынын бири. Бул башка бардык көз карандысыз, эркин сайттар үчүн эскертүү», — деген ал.