Артыков «допингден» улам Рио олимпиадасынан алган коло медалдан кол жууду

Спорттук арбитраждык соту допинг-тесттин оң жыйынтык бергени үчүн кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыковдун коло медалын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Артыковдун допингден улам коло медалы жокко чыгарылды. Бул туурасында Спорттук арбитраждык сотунун расмий билдирүүсүндө айтылат.

Анын тестинен тыюу салынган стрихнин заты аныкталган.

«Анын медалы жокко чыгарылып, ал Рио-2016 Олимпиада оюндарынан четтетилди жана анын лицензиясы тартылып алынды», — делет соттун пресс-релизинде.

Спортчуга карата мындан аркы чечимдерди Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алат.

Тема боюнча: Стрихнин — Артыковду колодон кол жуудурган бул эмне болгон зат?

Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде Артыковдун коло медалын жокко чыгарганы боюнча маалыматы жоктугун айткан.

Кыргыз спортчусу 69 килограмм салмагында таймашкан. Ал көтөргөн жалпы салмак 339 килограммды түзүп, ага мыкты үчилтикке кирүүгө шарт түзгөн.

Алтынды кытай спортчусу Ши Жиенг, күмүштү түркиялык Данияр Исмаилов алган.