Рио-2016: Стрихнин — Артыковду колодон кол жуудурган бул эмне болгон зат?

Кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыковдун допинг-тесттин натыйжасында стрихнин затын колдонгон делип коло медалы жокко чыгарылды. Ал эмне болгон зат жана ага эмне үчүн тыюу салынган?

Спорттук арбитраж сотунун 18-августтагы токтомуна ылайык, кыргызстандык Иззат Артыковду Рио олимпиадасынан четтетүү жана анын коло медалын жокко чыгаруу чечими чыгарылган. Бул — Кыргызстан Олимпиада оюндарынан алган жалгыз медал.

Тема боюнча: Артыков «допингден» улам Рио олимпиадасынан алган коло медалдан кол жууду

Артыковду четтетүүнүн себеби допинг-тесттин оң натыйжа бергендиги. Кыргыз спортчусунун пробасынан тыюу салынган стрихнин затын табышкан.

Стрихнин — бул эмне?

Стрихнин (strychninum) — өсүмдүктөр түркүмүнө кирген өтө күчтүү булчуң кызытмасы. Ал аябай уулуу, бирок ошол эле учурда терапиялык дарылоо касиетине ээ. Организмден жай бөлүнүп чыккандыктан стрихнинди өтө этияттык менен пайдалануу керектелет.

Чоң өлчөмдө организмге киргенден кийин бир канча мүнөт ичинде булчуңдар кыскарып, катуу кускусу келе баштайт. Стрихнин канга аралашкан сайын дене тырышып, кысыла баштайт. Аталган затты колдонгондон кийин болжолдуу жарым сааттык убакытта өлүмгө алып келет.

«Адамдын физикалык ишке жөндөмдүүлүгүн изилдөө жана фармакологиялык коррекциялоо усулдары» деген китепке ылайык, стрихнин даарылоо өлчөмүндө пайдаланылган учурда:

  • көрүү, даамдоо, угуу жана тактилдик сезимдерге кызытуучу таасир этет;
  • тамырларды кыймылдаткыч жана дем алуу борборлорун дүүлүктүрөт;
  • жүрөк булчуңун жана сөөк эттерин сергитет;
  • алмашуу жараянын кызытат;
  • көздүн ички челинин сезгичтигин жогорулатат.

Көбүнесе спортчулар колдонгон допинг препараттары күчтүү таасир этүүчү дарыларга кирет. Алар катуу оору учурунда пайдаланылып, дарыгердин көрсөтмөсү менен дарыканаларда сатылат.

Допингди колдонуп-колдонбогону атайын допинг-тесттин жардамы менен аныкталат.

Допинг-көзөмөл спортчу таймашка чыгаарда, же дароо таймаш бүткөндөн кийин жүргүзүлөт. Артыковдун качан допинг-көзөмөлдөн өткөнү боюнча азырынча так маалымат жок. Спортчу соттун чечимине карата азырынча пикир билдире элек.

Стрихнинди кызытма катары колдонгонго байланыштуу эң чуулгандуу учурлардын бири 2007-жылы октябрда болгон. Америкалык жеңил атлетчи Мэрион Жонс Сидней-2000 Олимпиада оюндарында допинг колдонгонун айтып, өз күнөөсүн мойнуна алган. Натыйжада ал бардык (100 метр, 200 метр жана 4×400 метр эстафетасынан утуп алган) үч алтын жана эки коло медалынан кол жууган.

Мурдараак франциялык оор атлетчи Бернардин Кингу Матам Олимпиадада 7-орунду алып, алдыңкы беш орунду алган өз атаандаштарынын чынчылдыгынан күмөн санаган. Эгер «чынчыл күрөш» болгондо байгелүү орундарды алам деп ишенген. Артыков муну «жөн гана көрө албастык» деп атаган.  

Кыргыз спортчусу 69 килограмм салмагында таймашкан. Ал көтөргөн жалпы салмак 339 килограммды түзүп, ага мыкты үчилтикке кирүүгө шарт түзгөн. Алтынды кытай спортчусу Ши Жиенг, күмүштү түркиялык Данияр Исмаилов алган.