Унгар-Тоо: Өзбек милициясы төрт кыргызстандыкты кармап кетти

Өзбек милиционерлери Унгар-Тоодогу телемунарада иштеген төрт кыргыз инженерин кармап алышкан. Бул аймакты эки өлкө тең «биздики» деп эсептешет.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева Kloop.kgге өзбек милициясынын атайын операциясынын жүрүшүндө кыргыз телемунарасынын төрт кызматкери кармалгандыгын билдирди.

Урманов, Бердалиев, Ташматов жана Усупбаев аттуу кармалган инженерлер Өзбекстандын Янгикурган бөлүмүнө жеткирилген.

«Өзбек чек ара кызматы бул окуяны алардын ички иштер министрлиги атайын операциянын жүргүзүү маалында биздин жарандарды кармап алышты деп түшүндүрдү. Аларды негизсиз кармашты жана кармалгандарды мекенине кайтарыш үчүн Кыргызстан бардык чараларды колдонуп жатат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.

Чоколоева кыргыз-өзбек чек ара аймагында Унгар-Тоого түшүрүлгөн жети милиция дагы эле жүрүшкөндүгүн кошумчалады.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек аймагында Кыргызстандын чек ара бөлүктөрү кызматын күчөтүлгөн режимде өтөп жатышат. Ушул тапта Унгар-Тоонун аймагына Кыргызстандын чек ара кызматынын кошумча күчтөрү коюлду. Жалпысынан мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек аймагындагы абал — турукту», — деди басма сөз катчы.

Ал Унгар-Тоодо канча аскер кызматкери жүргөндүгүн айта албасын, анын «жашыруун маалымат» экендигин кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Kloop.kgге учурда кыргызстандыктардын колго түшүрүлүшү тууралуу абалды тактап жатышкандыгын, буга азырынча түшүндүрмө бере албастыгын билдиришти.

Талаштуу аймактар

Азыркы чыңалуу Кыргызстандын милициясы 13-августта Ала-Бука районунда өзбек милиционери чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек милиция кызматкерин колго түшүргөндөн улам келип чыкты.

Милиционер кармалгандан тогуз күндөн кийин талаштуу аймакка Өзбекстандын жети милиция кызматкери Ми-8 тик учагы менен түшүрүлгөн. Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр болгон кечте эле өзбек милиционерин бошотушкан.

Өзбекстан менен чек арага байланыштуу талаштар СССР кулагандан бери бүтпөй келет: эки өлкө чек ара сызыгы кайсы жерден өтүшү керектиги тууралуу бир пикирге келе алышкан жок.

2016-жылдын март айында талаштуу аймакта Өзбекстан менен мамилелер чыңалуу абалына келди. Кыргызстан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына өзбек адистерин өткөрбөй койгондон кийин эки тарап аскерлерин жана бронетехникаларын коюшкан.

Аскерлер чек арада эки өлкөнүн чек ара башчылары аскердик техника жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашканча бир жумадай турушкан.

Тема боюнча:

Сүрөт: АКИпресс