Өзбекстан милиционерлери Унгар-Тоого тик учак менен түшүрүлдү. Эмнелер белгилүү?

Кыргыз-өзбек чек арасынын Унгар-Тоо такталбаган тилкесинен жети өзбек милиция кызматкери бүгүнкү күнгө чейин чыгыша элек. Кыргызстандын аймагынан 13-августта кармалган өзбек милиция кызматкери эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин бошотулган.

Кыскача:

— 13-августта Кыргызстандын укук коргоо органдары Ала-Бука районунан чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөн өзбек милиция кызматкерин колго түшүрүшкөн;
— 22-августта Өзбекстандын ИИМнин жети кызматкери кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек Унгар-Тоо аймагына түшүрүлгөн;
— Кыргызстан Унгар-Тоо тоолорунун аймагына милициянын кошумча күчтөрун жөнөткөн;
— Кыргыз тарап эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун демилге көтөрүп, анда тараптар өз талаптарын ачыкташкан;
— Өзбек тараптын талабы боюнча 13-августта чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалган өзбек милиционери бошотулган;
— Өзбек тарап мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы кыргыз милициясынын постторун алып салууну талап кылышууда;
— 22-августта түшүрүлгөн өзбек милиция кызматкерлери дагы эле Унгар-Тоодо;
— Аксы районундагы жергиликтүү тургундар Унгар-Тоодон өзбек милиция кызматкерлерин чыгарууну талап кылган митингге чыгышты.

Кененирээк:

Чек араны кесип өтүү
Кыргызстандын версиясы

Чек ара кызматынын билдиргенине карганда, Өзбекстандын милиционери 13-августта Жалала-Абад облусунунун Ала-Бука районунун аймагындагы чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөн.

«Өзбекстандын Наманган райондук ИИБнын кызматкери Ала-Бука районунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камалып, факты боюнча кылмыш иши козголгон», — деп маалымдады Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Сажира Чоколева.

Өзбек ММКларынын версиясы

«Спутник» маалымат агенттигинин өзбек кызматы билдиргендей, 13-августта «Чаян» атайын бөлүгүнүн төрт аскери өзбек-кыргыз чек арасындагы Касансай суу сактагычындагы өзбек милициясынын кайтаруу пунктуна келишкен.

Басылма билдиргендей, кыргыз аскерлери көп убакыттан бери эки өлкө ортосундагы аймак талаштын өзөгү болуп келген Касансай суу сактагычындагы объектилерге кирүүгө аракет кылышкан. «Спутниктин» журналисттери кыргыз аскерлери суу сактагыч жайгашкан аймак Кыргызстанга таандык деп жарыялашканын белгилешет.

«Өткөрүүдөн баш тартканга жооп кылып, “Чаяндын” аскер кызматкери өзбек милиционерлерин коркутуп, качканга мажбурлоо үчүн автоматтан жерди көздөй ок чыгарган […] Анын айтымында, “Чаяндын” кызматкерлери милициянын бир кызматкерин кармап, өздөрүнүн аймагына сүйрөп кетүүгө үлгүрүшкөн», — дейт «Спутниктин» өзбек кызматы.

«Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын журналисттери Өзбекстан бийлигинен кыргыз аскерлеринин ок чыгаргандыгы тууралуу болжолду бышыктай алышкан жок.

Милиционерлердин тик учак менен түшүрүлүшү

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 22-августта Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаштуу чек ара аймагына Ми-8 тик учагы менен өзбек ИИМнин жети кызматкери түшүрүлгөн. Алар Кыргызстандын «Кербен» радиореле станциясы жайгашкан Унгар-Тоо аймагына түшүрүлгөн.

«Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы билдиргендей, милиционерлер түшүрүлгөн соң, Кыргызстан ал жакка кошумча күчтөрдү жөнөтүшкөн.

Сүйлөшүүлөр

Кыргыз чек арачылары 22-августта адегенде телефондук сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анан Аксы районундагы Мамай аймагында өзбек тарап менен жолугушууну демилгелешкен. Жолугушууга Кыргызстан тараптан Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Бактыбек Жангазиев катышты.

Сажира Чоколоеванын айтымында, кыргыз тарап өзбек милициясынын талаштуу аймакка киргизилгендигинин себептерин түшүндүрүүнү жана токтоосуз чыгарып кетишин талап кылышкан.

Өз кезегинде өзбек тарап кармалган милиционерди боштондукка чыгарып, Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы кыргыз милиция постторун алып салууну талап кылышкан.

«Азырынча биз эч кандай аракеттерди жасай албайбыз, анткени эки тараптуу макулдашуулардын негизинде такталбаган аймакка бир дагы тараптын кирүүгө акысы жок. Алар бул келишимди бузушту, ошол себептүү биз азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башка түзүмдөр менен биргеликте мындан аркы жасалуучу иш-аракеттерди талкуулап жатабыз», — дейт кыргыз чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.

Мындан тышкары, ал 22-август күнү кечке маал өзбек милиционери бошотулгандыгын билдирүү менен, «бизге белгилүү болгондой, Өзбекстандын Наманган облустук ИИБнын кызматкерин сот 20 миң сомго айып пул төлөөгө жыккандан кийин бошотулду» деп кошумчалады.

Анын айтымында, өзбек милициясы дагы эле талаштуу Унгар-Тоо аймагынан чыга элек.

Жергилктүү тургундардын митинги

Аксы районунун борбору Кербен шаарында жүздөй шаар жашоочулары 23-августта митинг өткөрүшүп, анда Унгар-Тоодогу милиция кызматкерлерин чыгарууну талап кылышкан.

Азаттык радиосунун кыргыз кызматы билдиргендей, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын жанында чогулган митингчилер Унгар-Тоо Кыргызстанга тиешелүү деп жарыялашкан. Аларга райондун акиминин орун басары чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу

Унгар-Тоо такталбаган чек ара аймагында 2016-жылдын мартында эки өлкө ортосунда чыңалуу күчөгөн. Кыргызстан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн келген адистерди өткөрбөй койгондон кийин, өзбек тарап эки бронетранспортёр, эки КаМАЗ жана 40тай аскерлерин Аксы районундагы Чала-Сарт аймагына коюшкан.

Кыргызстандын ТИМи Өзбекстандын өкмөтүнө чек арадагы блокпостторду алууну талап кылган каршылык нотасын жөнөткөн. Бирок жооп болгон эмес. Кийинки күнү Кыргызстан чек арага эки бронетранспортёр жана аскерлерин койгон.

Аскердик күчтөр чек арада 18-марттан 26-мартка, эки тараптын чек ара кызматтарынын аскерлерди жана аскердик техникаларын чыгарып кетүү тууралуу макулдашуусуна, чейин турушкан.

Тема боюнча: Атайын репортаж: Өзбек БТРлери кантип чек ара көйгөйлөрүн ашкере кылды?

Аксыдагы телемунара жайгашкан жер кимге таандык?