Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады

Москвада 14 кыргызстандык кыз жана Бишкек-Ош жолунда тогуз жүргүнчү каза тапты. Президент Алмазбек Атамбаев буга байланыштуу 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.

Аза күтүү күнү боюнча жарлыкка 28-августтун кечинде кол коюлган. Ага ылайык, 29-августта Кыргызстандын бардык аймагында жана чет өлкөдөгү кыргыз элчиликтеринде мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

«Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын», — делет жарлыкта.

Атамбаев, ошондой эле, өкмөткө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берип, колдоо көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

«Адамдардын курмандыгына алып келген себептерди объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу иштери аткарылууда. Бул максатта Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — делет жарлыктын текстинде.

Атамбаев болуп өткөн окуяны «оор жоготуу» деп атап, каза болгондордун туугандарына көңүл айтты.

Аталган жарлыкка Москвадагы 14 кыргызстандык кыздын өлүмүнө карата бийликтин аракетсиздигине айтылган сындардын фонунда кол коюлду.

Бишкек жана Москва шаарларында каза болгондорду эскерүү акциялары 28-августта болуп өттү.

Кыргызстандын борборунда аза күтүү акциясына катышкандар Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында гүл коюшту. Москвада болсо өрт чыккан басмакананын жанында каза болгон кыргызстандыктар эскерилди.

Бишкек-Ош жолунда 27-августта «Фольскваген Пассат» жана «Митцубиси Ланцер» унааларынын кагылышынын натыйжасында тогуз жүргүнчү каза тапкан.

Сүрөт: Айжамал Идирис