Кыргыз композитору Москвада каза болгондорго реквием арнады

Маданият министрлиги Москвада каза болгон кыз-келиндердин жакындарынын аза кайгысын композитор Совхозбек Айткеев жазган музыкалык чыгарма — реквием менен бөлүштү.

Айткеев реквиемди Москвадагы өрттөн каза тапкандарга 29-августка караган түнү жазган. Өрт 17 адамдын өмүрүн алып кеткен, анын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.

Анын чыгармасын Маданият министрлиги курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу максатында пайдаланган.

Чыгарманы угуп көрүңүз:

Кыргызстандык кыз-келиндер Москвадагы басмаканада чыккан өрттүн курмандыгы болушкан — кыздар имараттан чыга албай иске ууланып каза табышкан. Аларды эскерүү урматына президент Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.

Бишкекте жана Москвада 28-августта аза күтүү акциялары болуп өттү. Кыргызстандын борборунда аза кайгысын бөлүшкөндөр Уркуя Салиеванын эстелигине гүл жана плакаттарды коюшса, Мосвкадагы Алтуфьеводо жергиликтүү кыргызстандыктар жана элчиликтин кызматкерлери өрт чыккан имараттын алдына гүл коюшту.

Тема боюнча:

Сүрөт: flickr, Jan Kalab