«Биз силерди эч качан унутпайбыз». Кантип Москвадагы кыргызстандыктар каза болгон жердештерин жоктошту?

Москвадагы Алтуфьев районунда 28-августта өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндерди эскерүү болуп өттү. Kloop.kgнин кабарчысы Айжамал Идирис бул тууралуу баяндап берет.

Баяндоо Kloop.kgнин Москвадагы кабарчысы Айжамал Идиристин атынан жүрөт.

Москвадагы трагедия Кыргызстанды бир силкиндирди — коомдук тармактарда жоктоо кайгыруу, таарыныч жана күнөөлөө менен коштолду. Бишкектеги эскерүү акциясы митингге айланып, президенттин адресине таш ыргытылып, өздөрүнө саясий упай топтогусу келгендерге мүмкүнчүлүк берди.

Орус борбор калаасынын түндүк-чыгышындагы басмаканадагы өрт кыргызстандык кыз-келиндин өмүрүн алды. Алар имараттан чыга албай, иске ууланып каза табышты.

Мен Москвага эки күн мурда окууга келгем. Мекендешибиз курман болгон басмакананын жанында эскерүү акциясы болот деп угуп калдым.

Басмакана жайгашкан Алтуфьево району Москванын түндүк-чыгыш тарабында, шаардын борбордук бөлүгүнөн 45 мүнөттүк жол. Бирок биз андан көп убакытта жеттик, анткени метронун айрым жерлеринде оңдоо иштери жүрүп, автобус менен жетүүгө туура келди.

Мага бир кыргызстандык бул аймакта ортоазиялыктар көп экенин айтты. Көпчүлүгү кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенишет, айрымдары кафе же автожуугуч сыяктууу чакан бизнес ачып алышкан.

Каза тапкан 14 кыз Алтуфьев шоссесиндеги басмаканада иштешчү. Бозоргон төрт кабат имарат сыртынан СССР убагындагы заводдорду элестетет. Бир караганда бул жер анча жагымдуу эмес, курчалган дубалдагы тикенек зым түрмөдө жүргөндөй сезим калтырат.

I3VjT64

Биз Алтуфьевге бара жатканда жолубуздан кыргызстандык кыз жолукту. Ал күндөн коргоочу көз айнек кийип алып, ылдам басып бара жаткан экен. Бир маалда тык токтой, бизден басмакана жакка бара жаткан жоксуңарбы деп сурады.

Кийин белгилүү болгондой, кыздын аты Гуля экен. Ал өрттө 19 жаштагы сиңдисин жана 30 жаштагы жеңесин жоготкон. Гуля Москвага бир ай мурда келип, басмаканга жумушка орношууга аракет кылган, бирок ага орун жок деп жооп беришкен. Бул анын өмүрүн сактап калгандай болду окшойт.

Орусиядагы кыргыз элчиси Болот Отунбаев билдиргендей, Гуля сыяктуулар көп. Жумушка кечиккен же кандайдыр бир себептер менен келбей калгандар өлүмдөн калышты.

Аза күтүү акциясы саат 12ге белгиленген. Биз андан бир аз мурдараак келип, басмакананын тегегерегине 50дөн ашык адамдарды жана полициянын отрядын көрдүк. Келген адамдардын баары кыргызстандыктар эле жана чет жакада анча-мынча орусиялыктар болуп жаткан окуяга байкоо салып турушту.

Убакыт өткөн сайын эл чогулуп, 100дөн ашык адамга жетти. Эскерүүгө келгендердин арасында кыргыз элчилигинин, диаспоранын өкүлдөрү, Москвада окуган жана иштеген кыргызстандыктар болду.

Бардыгы колдоруна кызыл гүлдөрдү алып келишти. Таң калганым, бардыгы өздөрүн токтоо алып жүрүштү, а диаспоранын өкүлдөрү «Бизди кечиргиле», «Жаныңар жаннатта болсун», «Биз силерди унутпайбыз» деген жазуулары бар плакаттарды басмакананын дубалына илип жатышты.

3UUxieF

Мындай плакаттын биринде кыргыздардын салттуу баш кийими калпактын сүрөтү тартылган экен. Эскерүү өтүп жатканда мага «А эмне үчүн калпак? Эмнеге шөкүлө же элечек эмес, бул жерде кыз-келиндер каза болбодубу?» деген суроолор келди. Жооп таппай, бул кыргыз эркектеринен өздөрүнүн кыздарын коргой албай калганына кечирим сураганыбы деп болжолдодум.

Аңгыча, акция Кыргызстандын элчиси жана кыргыз диаспорасынын сөзү менен башталды. Алар каза болгондорун жакындарына көңүл айтышып, сабырдуулукка чакырышты жана негизгиси — туура эмес маалымат таркатпоолорун өтүнүштү. Мунун бардыгы басмакананын администрациясы ӨКМге имараттын ичинде канча адам бар экендигин айтпай койгондугу жана өрт өчүрүүчүлөр кыздарды куткарбай, кесиптештери аларды эвакуация кылууга жардам бербей койгондугу тууралуу күбүң-шыбыңдардын фонунда болуп жатты.

14159230_1178130228896712_574365435_n

Элчилик азырынча бул маалыматты бышыктай да, төгүндөй да элек. Анткени иш Орусиянын иликтөө комитетинин колунда, ал эми кыргызстандыктарга иликтөөгө жардам берип, жаңы деталдарды табуудан башка эчтеме кыла албайт. Акциянын катышуучуларынын бири, басмакананын кызматкери элчи Болот Отунбаевге:

— Бизди улам эле суракка чакырып жатышат. Биз аякка барышыбыз керекпи? Биздин колубуздан эмне келет? — деп суроо узатты.

Элчи ага сурак иликтөөгө жардам берерин, ошондуктан барыш керектигин айтты.

Бир нече кыргызстандыктар акциянын убагында элчиликтин өкүлдөрү туугандарга убагында маалымат беришперин айтып, өрт убагында чындыгында эмне болгондугун айтпай жатышканын нааразычылык билдиришти. Бардыгын бир гана нерсе кызыктырды — эмне үчүн 14 кыз-келин өрттөн чыга алышкан жок?

Отунбаев элчилик кылмыш иликтөө иштерине кийлигише албастыгын, окуя тууралуу басмакананын менеджерлерин суракка чакырган тергөөчүлөр гана аныктай ала тургандыгын белгиледи.

Элчи жана башка уюштуруучулар туугандарын тынчтандырууга аракет кылышты — алар негизгиси каза тапкандардын сөөгүн мекенине жеткирүү жана жайына берүү деп ынандырышты.

(Болот Отунбаев Сол жакта) акциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.
(Болот Отунбаев Сол жакта) акциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Жааган суроолордун фонунда ар жерден ыйлаган, аларды тынчтандырган үндөр угулуп жатты. Калган катышуучулар көз жаштарын токтото албай турушту. Акцияны уюштурган аялдардын бири аза куткөндөргө жүз аарчы таратып жатты.

Тема боюнча: Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады

Кийинчерээк кыргызстандык эки жигит бул окуя мекендештерибизди бириктиргендигин айтышты. Алардынн айтымында, Орусиядагы мекендештерибиз «анча ынтымактуу эмес» жана анда-санда чогулушат, бирок алардын өзүн алып жүргөнүнөн бул байкалган жок.

Иш-чара башталганга чейин мен тигүү цехинде иштеген жана офистерди жыйнаган эки кыз менен аңгемелештим. Ал экөө тең акция жөнүндө теледен, социалдык түйүндөрдөн кабар алгандарын, келбей коё алышпаганын билдиришти. Алар чын жүрөгүнөн каза болгондордун туугандарына көңүл айтышып, басмакананын аймагынан эскерүү бүткөнгө чейин кетишкен жок.

Мага бул убакта болуп жаткан нерселерди сүрөткө тартууга, жазууга туура келди. Бир канча убакыттан кийин кыргызстандыктардын бири калтыраган үнү менен куран окуй баштаганда ыйлагым келди. Мен көптөгөн тажыяларга катышкам, бирок дин өкүлдөрү же куран окуган адамдардын куран окуу учурунда ыйлап жатканын биринчи көрдүм.

Эскерүү жарым саатка созулду — бул убактты жергиликтүү бийлик бөлүп берген. Келгендер ИИМдин расмий өкүлүнө жана элчиге суроо берип, пикирин айтууну каалашкан эле, бирок тарап кетүүгө туура келди.