Парламент Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн Атамбаев жактырган вариантын алат

Президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттин фракцияларынын лидерлери Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү талкуулашты. Эл өкүлдөрү өзгөртүүлөрдүн президент жактырган вариантын кабыл алууга даяр экендигин билдиришти.

Атамбаев жана КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» фракцияларынын лидерлери 29-августта Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жаңы вариантын талкуулашты.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, парламент Атамбаев колдогон вариантты негиз кылып алышып, аны кесиптештерине жана ММКга алып чыгышат.

«Президент долбоор боюнча эксперттердин сунуштарын жана сын пикирин талкуулап, ушунун негизинде өзгөртүүлөрдүн карап чыгууну сунуш кылды», — дейт басма сөз кызматы.

Өзгөртүүлөр боюнча талкуулар 2016-жылдын 10-сентябрына чейин уланары болжолдонууда.

Баш мыйзамды өзгөртүү жана референдумдун өткөрүлүүчү күнүн белгилөө боюнча мыйзам долбоорлору парламентке сентябрдын ортосунда толук иштелип бүткөндон кийин сунушталат.

Өзгөртүүлөрдү талкуулоо

Жарандык коом менен өзгөртүүлөрдү 24-августта талкуулоо учурунда бийликтин бир дагы өкүлү өзгөртүүлөрдүн автору жана демилгечиси ким деген суроого жооп бере алган эмес.

Анда президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов аппарат Жогорку Кеңешке Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү бир тутумга бириктирүүгө жардам бергендигин билдирген.

«Бул маселенин абдан олуттуу экендигин көңүлгө алган президент бизге өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырган. Биз процессти көзөмөлдөн чыгарган жокпуз. Документ фракциялардын лидерлери менен ар дайым талкууланып, президенттик аппаратта бириктирилди», — деген Фарид Ниязов.

Ниязов бийлик президенттин колуна топтолгондугун мойнуна алып, өзгөртүүлөр абалдан чыгууга жардам берерин билдирди.

«Эгер учурдагы Баш мыйзамдын жардамы менен Атамбаев бийликти бүтүндөй өз колуна ала алган болсо, тең салмактуулукту сакташ үчүн анда дагы бир борборду түзүш керек. Баш мыйзамга кирүүчү өзгөртүүлөр — муну ишке ашыруунун эң коркунучсуз жолу», — деген ал.

Жарандык коомдун өкүлдөрү өзгөртүүлөрдү талкуулоого каршы чыгышкан, анткени алар аны «легитимсиз» деп эсептешет.

Юрист Нурбек Токтакунов Баш мыйзамды өзгөртүү тең салмактуулук системасына таасир берет деп эсептейт. Анын пикиринде, өзгөртүүлөрдү кабыл алуу анда адам укуктарын тебелеп-тепсөөгө (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан), диктатуранын күчөшүнө жана полициялык өлкөнүн курулушуна алып келет.

«Өкмөт, Жогорку Кеңеш жана президенттин ортосундагы тең салмактуулук бир топ эле өзгөрөт. Сот системасы бийликтин башка бутактарына караганда алсызданат», — деди ал.

Тема боюнча:

Соавтор: Александра Титова