Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор менен каршы чыккандардын эл алдындагы алгачкы талаш-тартыштары. Бизге эмнелер белгилүү болду?

Парламенттин депутаттары, президенттин аппаратынын башчысы жарандык коом менен биргеликте Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү талкуулашты. Алгачкы коомдук талкууда эмнелер ачыкка чыкты?

Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси — президент Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу президентке тиешелүү социал-демократтар фракциясынан Марат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, «чийки жерлерин жана президенттин премьер-министр же Жогорку Кеңеш менен чыр-чатакка жеткирүүчү пункттарына өзгөртүү киргизүү» зарыл. Бирок мындан соң Аманкулов «өзгөртүүлөргө ким автор жана демилгечи?» деген тике суроо үч кайталанса да жооп бере алган жок, модераторлор кийинки маселени талкуулаганга өтүштү.

Жарандык коомдун өкүлдөрү өзгөртүүлөрдү талкуулоону каалашпайт, анткени алар «легитимсиз» болгондуктан кабыл албаш керек деп эсептешет. Алар Баш мыйзам азыркы кейипте 2020-жылга чеийн өзгөртүүсүз калышы керек деген пикирде.

Юрист Нурбек Токтакунов Баш мыйзамды өзгөртүү тең салмактуулук системасына таасир берет деп эсептейт. Анын пикиринде, өзгөртүүлөрдү кабыл алуу анда адам укуктарын тебелеп-тепсөөгө (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан), диктатуранын күчөшүнө жана полициялык өлкөнүн курулушуна алып келет .

«Өкмөт, Жогорку Кеңеш жана президенттин ортосундагы тең салмактуулук бир топ эле өзгөрөт. Сот системасы бийликтин башка бутактарына караганда алсызданат», — деди ал.

Өзгөртүүнү жактагандар бул аргументтерди кабыл алышкан жок. Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жарандык коомдун келтирген жүйөлөрүн, алардын сөзүнүн бардыгы «калп» деп жокко чыгарды. Анын айтымында, талкууга келген эксперттер жана активисттер бардык коомду алмаштыра албайт.

«Өзгөртүүлөргө каршы чыккан ызы-чуу эмнеге негизделип жатат? Тилекке каршы, калпка. Баш мыйзам 20-жылга чейин өзгөртүлбөшү керек деген — бул калп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн тартиби тууралуу мыйзамдарды окугула. ЖКнын позициясы начарлайт деген — калп. […] Премьер-министрдин жеке бийлөөсүнө жол ачылат деген — калп, Атамбаевдин бийлигин бекемдейт деген — калп, Конституциялык палата начарлайт деген — калп», — деди Фарид Ниязов.

Ниязов бийлик президенттин колуна толугу менен өткөндүгүн мойнуна алат. Анын айтымында, өзгөртүүлөр бийликтин бир гана адамдын колунда калбаш үчүн абалдан чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

«Эгер учурдагы Баш мыйзамдын жардамы менен Атамбаев бийликти бүтүндөй өз колуна ала алган болсо, тең салмактуулукту сакташ үчүн анда дагы бир борборду тузуш керек. Баш мыйзамга кирүүчү өзгөртүүлөр — муну ишке ашыруунун эң коркунучсуз жолу”, — деди ал.

Президенттин аппараты Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү чогултуп, бир документ «жасоого жардам берген». Ниязов бул өзгөртүүлөр президент же анын аппараты тарабынан демилгеленген деп айтпайт. Анын айтымында, Атамбаевдин администрациясы бул өзгөртүүлөрдү бир документке чогултуп берүүгө гана жардам берген.

«Бул маселенин абдан олуттуу экендигин көңүлгө алган президент бизге өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырган. Биз процессти көзөмөлдөн чыгарган жокпуз. Документ фракциялардын лидерлери менен ар дайым талкууланып, президенттик аппаратта бириктирилди», — деди Фарид Ниязов.

Тема боюнча: