«Көчмөндүн жолу»: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына арналган мотожүрүш

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн байкерлери 3-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынын урматына мотожүрүш уюштурушту.

Мотожүрүшкө Кыргызстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Орусиядан жалпы 22 байкер катышты. Байкерлер 31-августта Душанбеден чыгышып, Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Чолпон-Ата шаарына 10-сентябрда жетүүнү пландап жатышат.

Уюштуруучулардын айтымында, мотожүрүштүн максаты — чет өлкөлүктөрдүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көңүлүн буруу.

«Мындай жол менен биздин Борбордук Азиядагы өлкөлөрдө туризмди өнүктүрүүнү каалайбыз. […] Маршрутту Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана албетте Кыргызстандын байкерлери менен биргеликте иштелип чыкты. Жүрүш Жибек жолу жайгашкан өлкөлөрдөн өтүшү керек. Биз мүмкүн болушунча көп мотоциклисттер жүрө алган чоң жолдорду тандап алдык», — деди жүрүштүн уюштуруучусу Аскат Сеитбеков.

Мотожүрүштө Өзбекстандын да байкерлери катышышы керек болчу, бирок алара президент Ислам Каримовдун тажыясына байланыштуу кошула албай калышты.

Байкерлер 3-сентябрда Ош шаарында токтошту. Алар менен биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жана Ош облусунун башчысынын орун басары Байыш Юсупов жолугушту.

«Жакшы таасирдебиз, өтө жылуу, меймандостук менен кабыл алышты. Кызыктуу өлкө экен өз колорити менен. […] Ушул жүрүштүн аягына чыккандан кийин жактырган жерлерибизге кайра келип көрүп кетебиз деген үмүттөмүн», — деди жүрүштүн катышуучусу орусиялык Александр Шивнин.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул эл аралык түрк оюндарынын түрлөрүн камтыган мелдеш. Оюндар Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында 3үнөн 8-сентябрга чейин өтөт.

Чолпон-Атада Оюндар менен катар маданий иш-чаралар өтүүдө. Максаты — чет өлкөлүк делегацияларды көчмөндөрдүн жашоо-турмушу менен тааныштыруу.

I Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014-жылы өткөн. Анда 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан.

Тема боюнча:

Соавтор: Регина Им