ДКО-2016дагы экинчи күн: The Guardian Көчмөндөр оюндары жөнүндө жазды, демөөрчүлөр болсо тик учак бөлүп беришти

Кыргызстан Башкортостанды көк-бөрү матчында өтө чоң эсептик айырма менен жеңди, Чолпон-Атада үч күндүк этноконцерт ачылат, британиялык The Guardian мелдештердин масштабына таң калды.

Медалдык эсеп:

Медалдык эсепте Орусия биринчиликте, экинчи тепкичке Азербайжан көтөрүлсө, үчүнчүдө Казакстан.

20160906_000753

Азербайжан курамасы экинчи тепкичке алты медал (төрт алтын жана эки күмүш) менен чыкты. Медалдарды алар азербайжан күрөшү боюнча утуп алышты. Ушул эле күрөш түрүндө Иран дагы эки алтын медал алууга жетишти. Мунун менен Иран да Оюндардын алгачкы эки күнүндө мыкты бештикке кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстан Башкортостанды көк бөрү матчында «талкалады»

Чолпон-Атадагы ипподромдо Кыргызстан жана Башкортостан курамаларынын ортосунда көк бөрү боюнча мелдеш өттү.

1023447723

Кыргыз оюнчулары 60 мүнөт аралыгында атаандаштарынын тайказанына 26 жолу улак таштады. Ал эми Башкортостан курамасы болсо беш гана жолу улак сала алды. Бул Кыргызстандын мындай чоң айырмачылык менен жеткен алгачкы жеңиши.

Пландалып жаткан Афганистан менен Түркиянын командаларынын көк бөрү беттеши болбой калды. Түрк курамасы мелдешке келбей калып, калыстар ага техникалык жеңилүү жазышты.

Алдыда топтук баскычтын жыйынтыктоочу беттештери болот. Эки тайпанын финалчылары 8-сентябрда өтө турган финалда беттешет.

Кырчын жайлоосунда бүркүт менен аңчылык жана жаа атуу боюнча жарышышты

Салбуурун – аңчы куштар жана тайгандар колдонулган камтыган кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюндары.

IMG_9397__kopiya

Мелдештер төмөнкү багыттар боюнча жүрдү:

– «Бүркүт салуу» — бүркүт менен аңчылык;
– «Далба ойнотуу» — куштун далбаага түшүшү;
– «Тайган жарыш» — тайгандар жүгүрүп жарышышат.

Кыргызстандыктар беш медал утуп алды: эки алтын, эки күмүш жана бир коло.

ДОК-2016нын уюштуруучуларына H130 тик учагын беришти

ДКО-2016нын демөөрчү компаниясы Airbus Helicopters уюштуруучуларга Оюндар өтүп жаткан учурда пайдалануу үчүн тик берди.

exph-0139-015

Тик учактын экипажы улуттук спорттун түрү боюнча мелдештер өтүп жаткан Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын жана Чолпон-Атадагы ипподром менен спорткомлекстин үстүнөн байкоо салып учушат.

Кыргыз жана казак акындары 300 миң сомдон утуп алышты

«Көчмөндөр ааламы» фестивалынын жүрүшүндө төкмө акындардын сынагы болуп, анда кыргыз жана казак чыгармачыл инсандары таймашышты.

IMG_9912

Калыстар 18 катышуучунун ичинен эки жеңүүчүнү аныкташты — кыргызстандык Азамат Болгонбаев менен казастандык акын Мухтар Ниязов. Алар өз өнөрлөрү үчүн 300 миң сомдон алышты.

Үч күндүк этноконцерт башталды

IMG_8333

Үч күн бою Чолпон-Атадагы ипподромдо мода жана этностилдеги көргөзмөлөр коюлат. Иш-чаранын жүрүшүндө «Этнохит» багытындагы республикалык музыкалык сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

The Guardian Көчмөндөр оюндарын Олимпиада оюндары менен салыштырды

Алдыңкы британиялык басылма иш-чаранын чоң кулачын белгилеп, ажайып ачылышка таңданды.

GD3A0332

Автор жазгандай, ДКО-2016нын уюштурулушуна кеткен каражаттарга нааразычылыктардын болгонуна карабастан кыргызстандыктар экинчи жолу иш-чараны өз өлкөсүндө өткөрүп жатканына кубанычта. Ошондой эле Усэйн Болттун, Майкл Фелпстин жана Копакабана жээктеринин жок экенине карабастан Ысык-Көл көчмөндөр үчүн таптакыр өзгөчө жер.

Сүрөт: worldnomadgames.com