Кыргыз кыздары каза тапкан басмакананын директору өз айыбын мойнуна алды

14 кыргыз кызы каза тапкан басмакананын генералдык директору Сергей Москвин тергөө органдарына өз айыбын мойнуна алып кечирим сурап келди. Москва шаары боюнча тергөө комитети «Печатный экспресс» басмаканасында болгон өрт боюнча окуяны иликтөөнү улантып жатат.

Москва шаары боюнча тергөө комитетинин басма сөз кызматынан кабарлагандай, коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча айыпталып жаткан «Печатный экспресс» басмаканасынын директору Сергей Москин өз айыбын мойнуна алып келген.

«Азыр окуяда болуп өткөн жагдайларды, ошондой эле башкы инженер Антон Яцковдун жүргөн жерин аныктоо үчүн аны менен керектүү тергөө иштеринин комплекси жүргүзүлүп жатат. Жакын арада фигуранттарга баш коргоо чарасы чыгарылат», — делет билдирмеде.

Яцков басмакананын коопсуздугу боюнча жооптуу адам, анын кайда жүргөн жери азырынча белгисиз.

Басмакананын директоруна жана башкы инженерине 2-сентябрда издөө салынган.

Тергөө комитети аларга сырттан «өрт коопсуздук талаптарын бузуунун натыйжасында этиятсыздыктан улам эки жана андан көп адамдын өлүмүнө алып баруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон (Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 3-бөлүм 219-беренеси).

Мындай кылмыш үчүн беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Алтуфьев шоссесинде жүз берген өрттөн 17 адам каза таап, анын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болгон. Өрт 27-августта эртең менен Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан басмакананын кампасынан чыккан.

Өрткө 1-кабаттагы электр чырагынын жарактан чыкканы себеп болгон. Лампа жарылып, учкундардан шып өрттөнүп кеткен.

Москва шаардык ӨКМ башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, каза болгондор жабык имаратта калып калгандыктан куткаруучулар дубалды бузуп кирүүгө мажбур болгон.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жылдыз Осмонова кабарлагандай, өрттө жабыркаган эки кыргыз жараны ооруканадан чыккан.

Тема боюнча: