Кыргызстандык кыздар набыт болгон басмакананын мүдүрүнүн үстүнөн сот иши. Эмнелер белгилүү?

Москвадагы басмакананын ээси Сергей Москвин эки айга тергөө абагына камалган. Анын цехинде август айынын аягында өрт чыгып, 17 адам каза таап, анын ичинен 14ү кыргызстандык кыздар болгон.

«Печатный экспресс» басмаканасынын генералдык директору Сергей Москвин эки айга тергөө абагына киргизилген. Анын адвокаты Елена Звездина Москвинди күнөөлү деп эсептебейт жана жазаны үй камагына чейин жумшартууну талап кылууда. Адвокат Москвин өзүнүн күнөөсүн сезип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп жаткандыгын эске алууну суранды.

Звездина басмакананын ишин уланта берүүсүн талап кылууда. Анын айтымында, компания өрт кызматынын баардык талаптарын аткарган, ал эми жумушчуларга «убагы менен татыктуу» акы төлөп турган.

Тема боюнча: «Биз силерди эч качан унутпайбыз». Кантип Москвадагы кыргызстандыктар каза болгон жердештерин жоктошту?

Адвокат 17 адамдым өлүмү — бул «адамдык фактор» деп эсептейт. Анткени, анын ою боюнча, басмакананын жумушчулары имараттан терезеден деле чыгып кетишсе болмок. «Өрттүк сигнализация иштеген, ал эмне үчүн 17 адам кийимдерин которууну чечишкен жана мекемени үч ачык турган терезе аркылуу чыгып кетүү аракетин жасашкан эмес — түшүнүксүз. Мен укуктук жактан Москвиндин күнөөсү жок деп эсептейм», — деп айткан Звездина.     

Эмне үчүн басмакананын мүдүрүн гана соттоп жатышат, эгерде техникалык коопсуздукка, ошол убакта өргүүдө жүргөн инженер Антон Яцков жооп бериш керек болгон болсо, деп адвокаттын башы катууда.

Москвин бийликке өзү барып өрт боюнча өз күнөөсүн мойнуна алды. Басмакананын башкы инжененри Антон Яцков дагы деле издөөдө жүрөт. Тергөөчү комитет аларга «өрт чыгуу коопсуздугунун талаптарын бузуу, эки же андан көп адамдын өмүрүнүн кыйылышына жол берилген» (Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси) деген айып койгон.

Айыпталуучуларга беш жылдан он жылга чейинки эркинен ажыратуу коркунучу турат. Адвокаттын талабы боюнча Москвин Москванын шаардык сотуна камакты үй камагына алмаштыруу боюнча кайрылат.

ЖМК адвокаттын позициясына каршы. «Московский комсомолецтин» маалыматы боюнча, басмакананын жумушчулары «кулдук мамиле» жасалат, аз айлык төлөнөт, ал дагы өз убагында эмес деп даттанышкан. «МК» басмаканада ушул жазда эле өрт чыккан, ал эми өрт чыгуу коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча талаптар 2012-жылы эле чыккан деп жазат. «Комсомольская правда» газетасы ӨКМнин Москва боюнча Башкы башкармалыгынын өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып жазгандай, каза болгондор имаратта кептелип чыга албай калышкан, аларга жетүү үчүн дубалды бузууга туура келген.

Тема боюнча: Москва: 14 кыргызстандык кыз-келиндердин өмүрүн алган өрт тууралуу эмнелер белгилүү?