Кыргызстандыктар каза болгон өрт боюнча экинчи шектүү кармалды

Москвадагы Алтуфьев шоссесиндеги басмаканада болгон өрткө тиешеси бар деген шек менен Антон Яцков Москва тергөө органдары тарабынан кармалды. 27-августтагы өрттө 17 адам каза болуп, анын 14ү кыргызстандыктар эле.

«Печатный экспресс» басмаканасынын башкы инженери Антон Яцков Орусиянын тергөө комитети тарабынан колго түшүрүлдү. Ага «коопсуздук чараларын бузгандыгы жөнүндө» беренеси боюнча айып тагылууда.

Орусиянын тергөө комитетинин басма сөз кызматынын 13-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, Антон Яцков тергөө органдарына өзү келген, бирок күнөөсүн моюнга алган эмес.

Дагы башка шектүү — басмакананын башкы директору Сергей Москвин 6-сентябрда эле камакка алынган. Соттун чечими менен ал тергөө абагына эки айга камалган.

Ал эми РИА Новости жактоочу Елена Звездинанын кыздардын өлүмүнө адамдык фактор себеп болгонун, алар жөн гана коркуп кетишкенин билдиргенин жазып чыкты.

«Ишкана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тыкыр текшерилип турчу, көрсөтмөлөрдүн баары аткарылган, трагедия учурунда өрт сигнализациясы иштей баштаган. Үч терезе ачык турса да эмне үчүн кыздар өзүн-өзү куткарууга аракет кылбаганы таң калтырат, түшүнүксүз. Мен коргоп жаткан адам күнөөсүн мойнуна алды, бирок мен аны бейкүнөө деп эсептейм», — деди Елена Звездина.

Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитети «Печатный экспресстеги» апаат боюнча тергөө иштерин улантууда.

24.kg маалымат агенттиги жазгандай, көз жумган кыздардын туугандары басмакананын ээсинен компенсация катары миллион рублдан төлөп берүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу 14-сентябрь күнү Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Бакытбек Адылов билдирди.

Адыловдун айтуусунда, ведомствонун өкүлдөрү Москвиндин жактоочусу менен эки ирет көрүшүшкөн жана алар ар бир үй-бүлөгө 300 миң рублдан сунуштаган.

«Бирок 14 үй-бүлөнүн 12 арызы биздин колубузда турат. Алар миллион рублдан сурап жазышкан. 300 миңге макул эмес», — деди ал.

14-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Башкы прокуратура Орусияга бул өрт кырсыгын иликтөө боюнча кайрылуу жөнөтө электигин айтып чыкты.

«Башкы прокуратура үн катпай отурат, бул абдан кейиштүү көрүнүш», — деди ал.

17 адамдын өмүрүн алган Москвадагы өрт кырсыгы 27-августта болгон. Тилсиз жоо 1-кабаттагы кампанын электр тармагынан чыккан учкундан пайда болгон.

Тема боюнча: