Эмне үчүн дүйнөлүк допингге каршы агенттик америкалык спортчуларга допинг колдонууга уруксат берген?

Fancy Bears тобунун хакерлери Дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин базасын бузуп кирүү менен алган маалыматтарды жалпы элге жарыялады. Малыматта Уильямс эже-сиңдилерге жана Рио оюндарындагы чемпионго тыюу салынган каражаттарды колдонууга уруксат бергендиги көрсөтөтүлгөн. Эмнеге?

Кезектеги допингге байланышкан чуу теннис оюнчулары эже-сиңди Уильямстар жана Риодогу Олимпиада оюндарынын чемпиону, гимнастика чебери Симоне Байлстын атын чыгарды.

Жарыяланган маалыматта, түрдүү жылдарда (2010, 2011, 2013, 2014, 2015) Серене Уильямска тыюу салынган допинг каражаттарын колдонууга расмий түрдө уруксат берилгени көрсөтүлгөн. Алардын арасында: преднизолон, метилпреднизолон, гидроморфон, преднизон жана оксикодон. Ал эми анын эжеси Винуска 2010, 2011 жана 2012-жылдарда формотерол, преднизон, преднизон жана триамцинолон колдонууга уруксат берилген.

Эмне үчүн агенттик эже-сиңди Уильямстарга тыюу салынган допинг каражаттарын кабыл алууга уруксат берген?

Себеби агенттик кээ бир каражаттарга карата медициналык көрсөтмөлөрү бар спортчуларга катуу көзөмөл астында кабыл алууга уруксат берүүгө укугу бар.

Мына ушул форма спортчуларга тыюу салынган каражаттарды колдонууга уруксат берет.

williams-serena-docs-1

Анда документтин мөөнөтү, препарат жана кабыл алуу өлчөмү жазылган. Спортчулар бул форманы ар дайым жанында алып жүрүүгө милдеттүү.

Эже-сиңди Уильямстарда керектүү документтери бар болгон. Бул документтер тыюу салынган препараттарды кабыл алууга уруксат берет. Спортчулардын так дарттамасы (диагноз) «жашыруун» деген белгинин астында көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми Винус Уильямс өзү аутоиммундук же Шегрен синдрому менен ооругандыктан, ага уруксат берилген каражаттар анын дарылануусу үчүн колдонулуп жаткандыгы тууралуу айтылат.

А Серена Уильямс боюнча болсо, допингге каршы агенттик ага ооруну басаңдатуучу каражаттарды колдонууга уруксат берген.

Мисалы, 2015-жылдын июнь айынын 5инен 7сине чейин, тагыраак айтканда «Ролан Гарростун» финалдык бөлүгүндө, ага бир күндө 40 миллиграммдан преднизолон ичүүгө уруксат берилген. Бул каражат суукту айдап чыгуу үчүн колдонулат. Буга карабастан, Париждеги мелдеште Уильямстын абалы абдан эле начар болгон.

Хакерлердин бузуп кирүүсүнөн алынган маалыматтарда, Риодогу олимпиадада дагы бир америкалык спортчу, Рионун 4 жолку олимпиадалык чемпиону Симоне Бейонс дагы допинг-тесттин эрежелерин бузгандыгы тууралуу белгиленет. Спортчунун организминде метилфенидаттын психостимулятору табылган.

Байлс болсо, маалымат тарап кеткенден кийин өзүнүн твиттер-аккаунтунда билдирүү жасады. Ал дарегине тагылган айыпты четке каккан эмес, жөн гана мындайча түшүндүргөн:  

«Мен жетишпестиктин жана гиперактивдүүлүктүн синдрому менен жабыркайм. Балалыктан бул дарыларды колдонуп жүрөм. Мен таза спортко ишенем жана ар дайым эрежелерди аткарып келгем, мындан ары да аткара берем, себеби, бул мен үчүн да, спорт үчүн да маанилүү. Ушундай дарт менен жабыркаганым үчүн дарыларды кабыл алам, мунун эч кандай уяты жок деп эсептейм. Бул жөнүндө адамдардын билим алуусунан да коркпойм».

Мунун баары эмнени айгинелейт?

Бул дегени, Дүйнөлүк допингге каршы агенттиги медициналык максатта жана дарыгердин көрсөтмөсү менен тыюу салынган каражаттарды колдонууга уруксат берет.

Мисалы, эгер Мария Шарапова допингге каршы агенттикке мельдонийди (ашыкча машыгуунун натыйжасында келип чыгуучу жүрөк пристубунун алдын алуучу каражат) колдонуу боюнча уруксатнаама алып кайырылганда, анда ал чоң оюнду өткөрүп жибермек эмес.