Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн Кадыровдун качуусуна катышы бар-жоктугу текшерилет

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы «сепаратисттер лидери» аталган Кадыржан Батыровду качырып жиберүүгө тиешеси бар болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн текшерүүнү буюрду. Шектелгендердин арасында кээ бир оппозициянын лидерлери да торго түшүп калышы мүмкүн.

Башкы прокуратура бул боюнча ведомстволор аралык комиссия түзөт. Комиссияга кимдер мүчө болушу тууралуу азырынча  так маалымат жок.

2010-жылдагы улуттар аралык чыр-чатактан кийин Кыргызстандан качып кеткен Кадыржан Батыровдун иши жөнүндө жаңы жүйөөлөр чыгып жаткандыгына байланыштуу иликтөө жүргүзүлмөкчү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан «Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө тиешеси бар Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көмөктөшүү деңгээли текшерилет». Бул тууралуу президенттин аппараты жазат.

Пресс-релизде жазылгандай, Атамбаев иликтөөгө «айыгышкан каршылык көрсөтүүлөр» болуп жаткандыгын да кыйыткан.

«Жабык казанды жабык бойдон калтыргысы келгендер тарабынан албетте каршылык көрсөтүүлөр болот, аны түшүнүп турам. Бирок эл ачуу болсо да чындыкты билиши шарт», — деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Саясий күрөштүн изине түшүү

Кылмыш ишинин ачылышына эки апта калганда өлкө башчысы Кадыржан Батыровдун качып кетүүсүнө Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тиешеси бар экендигин айтып чыккан.

Бул иликтөө иши акыркы учурда парламенттеги оппозициянын активдүү саясатчысы ролундагы Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсүнүн күч алган мезгилине туура келүүдө.

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн курамында экөө тең маанилүү кызматты ээлеп турушкан. Бирок укук коргоо жана тергөө органдары, ошол убакта Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары болуп турган Атамбаевдин Кадыровдун ишине тиешеси бар-жоктугун да изилдейби деген суроо туулат.

Андан сырткары, Убактылуу өкмөттө конституциялык реформага жоопкер болгон Текебаев да жоопко тартылабы же жокпу — бул да белгисиз.

2016-жылдын жайында президент тарабынан конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш берилгенден соң, Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда пикир келишпестиктер башталган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев билдиргендей, Конституцияны өзгөртүү Атамбаевдин ыйгарым укуктарын күчтөнтөт.

Кадыржан Батыров Кыргызстандагы этникалык өзбектердин арасында эң беделдүү адам саналчу. Ал 2010-жылдагы өзбек-кыргыз окуясы башталаардан бир апта мурун Кыргызстандан чыгып кеткен эле.

Кыргызстан бийлиги аны сепаратизм жана массалык баш аламандык уюштургандыкта айыптоодо. Ал эми Батыров күнөөсүн мойнуна албай келет.

Тема боюнча: Отунбаева менен Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө чакырышты