Отунбаева менен Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө чакырышты

2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизбөөнү президенттен өтүнүштү. Кайрылгандардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жана экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров бар.

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн кайрылуусу «Ата Мекен» партиясынын сайтына жарыяланган. Аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев болсо азыркы Баш мыйзамдын автору болуп эсептелет.  

Кайрылууга, Текебаевден башка, кол койгондор:

  • экс-президент Роза Отунбаева;
  • экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров;
  • УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков;
  • Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Эльмира Ибраимова;
  • Убактылуу өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы Эмильбек Каптагев;
  • ИИМдин мурдагы башчысы Болотбек Шерниязов.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Баш мыйзамга оңдоо киргизүү процедураларына жана сунушталган өзгөртүүлөрдүн мазмунуна макул эмес.

Алардын ою боюнча, ыйгарым укуктарды бекемдөө жана көбөйтүү боюнча сунушталып жаткан өзгөртүүлөр өкмөттү парламенттин жана прокуратура органдарынын көзөмөлүнөн чыгарып салат. Бул өзү менен кошо «өкмөттүн жазасыздыгына» алып келиши мүмкүн.

Кайрылуунун авторлору жаңы Баш мыйзамга бекитиле турган «жогорку баалуулуктар» «так эмес чектерге ээ моралдык-философиялык түшүнүктөр» деп эсептешет. Алардын оюнча, «жогорку баалуулуктар» «саясий абалга карата чечмелениши» мүмкүн.

«Бул өзгөртүүлөр өлкөбүздүн жарандарынын укук жана эркиндиктерин олуттуу деңгээлде чектөөгө жол ачат. Бул тоталитаризмге алып барышы ыктымал. Сот системасы да өз алдынчалыктан ажырап, президент менен өкмөттөн көз каранды болуп калат. Иш жүзүндө конституциялык көзөмөл жоюлат. Бул өзгөртүүлөр баштала элек сот реформасына алып барат», — деп жазылган кайрылууда.

Анда жазылгандай, Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы Баш мыйзамдын иштелип чыгышы үчүн ачык-айкын процесс уюштурган. Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу укуктук, укук коргоочулук, гендердик, антикоррупциялык жана экологиялык экспертизалардан өткөрүлгөн. Кайрылуунун авторлору белгилегендей, Баш мыйзам Венеция комиссиясынын жана башка эл аралык уюмдардын экспертизаларынан өткөн.

Убактылуу өкмөт — бул 2010-жылдагы революциядан кийин жарым жылга өздөрүнө аткаруу бийлигинин функцияларын алган орган. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева болгон. Убактылуу өкмөт Баш мыйзамга өзгөртүү киргизиш үчүн жана референдум өткөрүш үчүн Конституциялык кеңешме уюштурган. Баш мыйзам 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

2010-жылдагы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү парламент депутаттары демилгелеген. Жарандык коом менен өзгөртүүлөрдү 24-августта талкуулоо учурунда бийликтин бир дагы өкүлү өзгөртүүлөрдүн автору жана демилгечиси ким деген суроого жооп бере алган эмес. Анда президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов аппарат Жогорку Кеңешке Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү «бир тутумга бириктирүүгө» жардам бергендигин билдирген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү өзгөртүүлөрдү талкуулоого каршы чыгышкан, анткени алар аны «легитимсиз» деп эсептешет.

Юрист Нурбек Токтакунов Баш мыйзамды өзгөртүү тең салмактуулук системасына таасир берет деп эсептейт. Анын пикиринде, өзгөртүүлөрдү кабыл алуу анда адам укуктарын тебелеп-тепсөөгө (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан), диктатуранын күчөшүнө жана полициялык өлкөнүн курулушуна алып келет.

Президент Алмазбек Атамбаев 29-августта Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча фракция лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Парламент Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн Атамбаев жактырган вариантын алат

Тема боюнча: Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор менен каршы чыккандардын эл алдындагы алгачкы талаш-тартыштары. Бизге эмнелер белгилүү болду?