Видео: Атамбаевди түрк тез жардамы алып кеткен

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевди Ататүрк аба майданынан тез жардам унаасы алып кеткен. Ал БУУга иш сапары менен баруусу керек эле, түрк аэропортуна конгон учурда өзүн жаман сезе баштаган.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Атамбаев «жүрөк оорусуна» байланыштуу Нью-Йоркко болгон сапарын токтоткон. Өлкө башчысынын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү 1-октябрга чейин уланышы мүмкүн.

Президент аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов Kloop.kgге билдиргендей, Алмазбек Атамбаев «жүрөгү ооруп» калгандыгына байланыштуу АКШга болгон сапарын токтоткон.

«Кечээ Алмазбек Шаршенович Нью-Йоркко учуп кеткен. Өлкө башчы ал жакта беш күн болуп, сөз сүйлөшү керек эле. Жүрөгү ооруп калгандыгына байланыштуу сапарын токтоткон. Азырынча президенттин Кыргызстанга качан келээри тууралуу маалымат бере албайбыз», — деди ал.  

Анын сөзүндө, Атамбаев учурда түрк ооруканаларынын биринде дарыланууда.

Президенттин жүрөгүнө байланыштуу көйгөй Нью-Йоркко болгон сапар учурунда башталган. Анын учагы Стамбулга конуп, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Дарыгерлер Атамбаевге «жүрөк оорусунун симптомдору» аныкталганын айтышып, жакшылап дарылануу керектигин айтышкан.     

Атамбаевдин ордуна БУУда Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп жатат.

Бул Атамбаевдин БУУга болгон алгачкы иш сапары эле.

Нью-Йоркто Атамбаев БУУнун Баш секретары Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен жолугушуусу керек эле.

Видео:DHA