«Стратегиялык туура чечим». Атамбаев Конституцияны өзгөртүүнү жактырды

Президент Алмазбек Атамбаев Конституциянын өзгөртүлө турган тексти менен таанышып чыгып, аны колдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Конституциянын өзгөртүлө турган акыркы тексти менен таанышып, аны колдоп берди. Президент референдумда добуш берүүдө «элге мүмкүнчүлүк берет» деп парламент депутаттарына ишеним артты.  

«Депутаттардын мындай колдоосу Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын бекемдеп, адилеттүү жана эффективдүү саясий системаны түптөөгө негиз боло алат», — деди Атамбаев.  

Президенттин айтуусунда, адамдар беш жылдын ичинде өлкө башчынын «керт башын ойлоочулук» адаты жок экендигине ишеништи.  

«Кыргызстандыктар жана депутаттар провокаторлорду ээрчип кетпейт деп ойлойм. Алмазбек Атамбаевдин бийликти узурпациялап алуу жана жалгыз президенттик мөөнөттөн соң дагы бийликте калуу ниети жок», — деди ал.  

Атамбаев, Баш мыйзам Акаев жана Бакиев учурунда бир үй-бүлөнүн пайдасына гана өзгөртүлгөнүн жана ал убакта оппозициянын каршылыгы туура болгондугун да кошумчалады.

«Ал эми бүгүнкү [бийликтин] негизги каршылаштар, жеке амбициялары менен чыгып жатканы албетте өкүндүрөт. Алар өзгөртүүгө макул болуп турушат, бирок маселени чиелентүү үчүн түрдүү шылтоолорду ойлоп табууда. Бул мамлекетке берилбегендик. Бул өз өлкөсүнүн келечегин тоотпогондук», — деп билдирди президент.  

Атамбаев президенттин айланасындагылар «бошоң» өзгөртүүлөрдүн жардамы менен бийликте калууга аракет кылып жаткандары жөнүндө аргументтерди келтирди.

Президент «"Жолун жолдоочу" операциясы» болбой тургандыгын айтып, Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтпөй турганын да баса белгиледи.  

«Тескерисинче, көпчүлүк коалиция күчтөнөт жана чыныгы парламенттик оппозиция пайда болот. Өзгөртүүлөр — чыныгы парламентаризмди негиздөөдө Кыргызстандын дагы бир чоң кадамы болмокчу», — деди Атамбаев.  

Акыркы беш жыл аралыгында өлкөбүздүн эң чоң жетишкендиги деп, «өлкөдөгү бардык маселелерди эл чечээрин» белгиледи.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү депутаттар тарабынан колдоп берүүсүн «стратегиялык жана адилеттүү чечим» болот деп айтты. Бул «референдумда элдин тандоосуна» жол ачып берет деп кошумчалады.

Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча талаш

Парламент депутаттары демилгелеп, президент аппараты тарабынан иштелип чыккан Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр кызуу талаш-тартышты жаратты — сын-пикирлер жарандык коом жана саясатчылар тарабынан билдирилүүдө.

Өзгөртүүлөргө каршы чыккандар «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү болууда.

Алар Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарын жоёт деп айтышууда.

Ал эми президенттин тарапташтары, тескерисинче, өзгөртүүлөр бийликти узурпациялоодон сактайт деп белгилейт.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта көз карандысыздык салтанатында сөз сүйлөп жатып, Коституциядагы өзгөртүүлөргө каршы чыккандыгы үчүн Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн сындап чыккан эле.

Андан сырткары, 15-сентябрь күнү президент Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн өзбек коомунун лидери Кадыржан Батыровдун качып кетүүсүнө катышы бар-жоктугун иликтөөгө тапшырган. 2010-жылдын июнь айындагы түштүктө болгон окуяда Батыров сепаратизм жана чыр-чатакка тиешеси бар айыпталып келет.

Тема боюнча: Парламент Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо?